Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БИЙЛИКТЕ ЖАШТАР, 80-ЖЫЛКЫЛАР...

№497 11-май-17-май, 2012-ж.


ЖКдагы буга чейинки депутаттарды элестетип көрөлү. Анда жаш депутаттар деп кырктын кырына барып калган эл өкүлдөрү эсептелчү. Бүгүнкү парламентибиз бир кыйла жашарган. Парламентте үч фракциянын алты өкүлү гана 80-жылкылардан турат, ал эми "Ата Журт" менен "Республика" 32 жашка чейинки курактагылардан куржалак.

ГҮЛНИЗА БЕЙШЕНБАЕВА

Жарык дүйнөгө 1982-жылы 26-сентябрда келген.
Сары-Өзөн Чүйдүн кызы.
Студенттик жылдары КУУнун философия жана мамлекеттик кызмат факультетинде өткөн.
Мүнөзү – токтоо.
Эки дипломдун ээси жана учурда 3 университетте студент.
Үй-бүлөлүк абалы – бойдок.
20 жылдан бери күндөлүк жазат.
Хоббиси – фотоаппарат менен сүрөт тартуу жана сууда сүзүү.
Учурда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты.

– Парламентке жакында эле келдиңиз. Жогорку Кеңеш кандай кабыл алды, "дагы бир жаш депутат келди" деп мурдун чүйрүгөндөр чыккан жокпу?
– Парламент бул – жаш курагыңа карабай жоопкерчиликти талап кылган орган. Кесиптештерим ойдогудай эле кабыл алышты. Фракциядагы улуу, тажрыйбалуу депутат агай-эжелериме билбеген, түшүнбөгөн маселелер болсо кайрылып турарымды келген күнү эле айткам. Алар мага жакшы эле колдоо көрсөтүп келатышат. Парламент – чынында, биздин мамлекетке жаңы кадрларды даярдап бере турган чоң мектеп. Келгениме жарым жыл толо элек болсо да, бир топ тажрыйба топтодум.

– Бирөөнү сүйүп жашаган жакшыбы же сүйүктүү болгон жакшыбы? Сүйүүнүн өзү бар нерсеби?
– Сүйүү бар. Ушул сезим дүйнөнү бир калыпта кармап турса керек. Жоопсуз сезимден алыс бололу. Сүйүктүү болуп же сүйүп эмес, бири-бириңди бирдей сүйүп, түтүн булатканга не жетсин?!

БАКТЫБЕК КАЛМАМАТОВ

Туулган жылы – 1984-жыл, 20-январь.
Туулган жери – Кара-Кулжа району, Совет айылы.
Билими – ОшМУнун дүйнөлүк тилдер факультети.
Үй-бүлөлүк абалы – 1 уулдун атасы.
Балык уулап эс алганды жактырат.
“Ачуум бат келет, бирок токтотуп калууга эрким жетет” дейт.
Парламентте “Ата Мекен” фракциясынын депутаты.

– "Депутаттардан кызматтык унааны алып салыш керек" деп күпүлдөп жүрдүңүз эле, өзүңүз кесиптештериңизге үлгү көрсөтөм деп автобус-маршрутка менен жүрө аласызбы?
– Коомдук унаалардын кызматын, анын ичинде такси кызматын көп эле пайдаланам. Ким эле өмүр бою чоң кызматтарда отуруп, мамлекеттин бекер унаасында жүрө бермек эле? Маршруткада жүрүү мен үчүн өөн учурабайт. Анткени 1-2 жыл мурун эле алардын кызматын пайдаланып жүргөм. Мен 4-5 кабат хан сарайда жашап, эшигинин алдына чет элдик 5-6 унаа тизип койгон адамдардан эмесмин.

– “Өлгөнүм ушул турбайбы” деген коркунучтуу учурду баштан өткөрдүңүз беле?
– Андай кырдаал оппозицияда жүргөн учурда көп эле болду. Саясатта өлүп калуу деген бир заматта эле да. Үйдөн жумушка чыгып баратканда “мен бүгүн үйгө келбей калышым мүмкүн” деген ойлор келчү. Айрыкча 2010-жылдын март айларында куугунтук катуу башталган. Сактык үчүн атамдын эски мылтыгын октоп туруп, башыма жазданып жатып калган учурлар болгон. Мындайда үй-бүлөң дүрбөлөң түшүп... Айтор, ал күндөр артта калды, кайрылып келбей эле койсун.

ДАСТАН БЕКЕШЕВ

1983-жылы 22-ноябрда төрөлгөн.
Киндик кан тамган жери – Фрунзе шаары.
Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетин бүтүргөн.
Шахмат боюнча спорт чеберчилигине талапкер.
Саясий жана тарыхый китептерди көп окуйт.
Учурда “Ар-намыс” фракциясынын депутаты.

– Сунуштаган мыйзамдарыңыз өтпөй калганда кандай абалда болосуз?
– Парламентке келгенден бери 30дан ашык мыйзам долбоорун жаздым. Анын ичинен колдоо таап өткөнү да, тилекке каршы, өтпөй калганы да болду. Мен эч качан пессимисттик маанайда иш жүргүзбөйм, алдыга гана умтулам. Өтпөй калган мыйзамдар мен үчүн сабак болот.

– Ата-энеңиз эмне иш менен алек?
– Ата-энем жөнөкөй, карапайым эле кишилер. Алар эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес. Азыр алар небере карап үйдө.

ЖООМАРТ САПАРБАЕВ

Туулган жылы – 1984-жыл, 12-декабрь.
Туулган жери – Фрунзе шаары.
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультети.
Ырчылардан – Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганованын ырларын угат.
Менчик унаасы жок.
Салыктан тышкары 18-20 миң сомдун тегерегинде айлык алат.
"Саясатчы болбогондо дизайнер болушум мүмкүн эле" дейт.
“Ата Мекен” фракциясынын депутаты.

– Экс-төрага Ахматбек Келдибековду кызматтан алуудагы негизги күчтүн бири болдуңуз эле. Учурда ал киши менен мамилеңиз кандай?
– Ал иштердин баары жеке Келдибековго эмес, анын төрагалык ишмер­дүүлүгүнө каршы туруу болгон. Азыр мамилебиз түз, ал экөөбүздүн жакын катышыбыз деле жок болчу да. Ага-ини катары учурашып турабыз. Ал кишинин деле мага мамилеси өзгөргөнүн байкаган жокмун, мурдагыдай эле.

– Аялыңызга калп айтам деп кармалып калган учур болду беле?
– Кээде аял кишиге баарын айткандан көрө унчукпай эле койгон жакшы. Болот, мисалы, жумушка байланыштуу кыйынчылыктар болсо, аял киши сурайт да “эмне маанайың жок?” деп. Анан “жөн эле, эч нерсе болгон жок” деп жооп берип коём. Кийин билинип калат, таарынат “мага эмне айткан жоксуң, аялыңмын го, акыры?” деп. Орой калп айтып кармалып калган учурлар болгон эмес.

ДАНИЯР ТЕРБИШАЛИЕВ

Туулган жылы – 1981-жыл, 20-май
Төрөлгөн жери – Фрунзе шаары.
Билим көрөңгөсү – БГУнун саясат таануу факультети.
Журналисттик да тажрыйбасы бар.
Футболго таптакыр кызыкпайт.
Кызганыч чеги менен болушу керек деп эсептейт.
Учурда КСДП фракциясынын депутаты.

– "Кыргызстанда МАИ кызматын жоюш керек" деген сунуш айттыңыз эле, ишке ашабы?
– Укук коргоо органдарын реформалоо жөнүндө концепция иштеп чыкканбыз. Анын ичинде МАИни жоюу тууралуу да пункт бар. Муну менен биз эл аралык стандарттарга өтөлү деп жатабыз. Полиция кызматын түзүү боюнча да маселе көтөрүлүп жатат. Полиция кызматы ишке кирсе, жол кыймылын да көзөмөлдөйт, уурулук сыяктуу өтө оор эмес кылмыштарды, адамдардын укуктарын коргоп, райондорду да көзөмөлдөйт. Биздин концепцияга ылайык, ИИМ полиция департаментине айланышы керек.

– Акыркы учурда мурдагыдай курч, дымактуу сүйлөгөнүңүз байкалбай калды, жыйынтык чыкпаган сунуш айтуудан чарчадыңызбы?
– Жок, андай деле эмес. Курч, элдин көйгөйлүү маселелерин көтөрүп чыгып жатам. Балким, айрым учурларда теледен көрсөтпөй калып жаткандыр. Мисалы, бир апта мурун Чаткал районунун акимине байланыштуу маселе көтөрүп чыктым. Ага эки жолу иш козголуп, ишинен алынбай дагы эле иштеп жаткан экен. Өкмөткө кайрылуу жасап, кабинети бекитилип, унаасы алынып, өзү убактылуу ишинен четтетилди.

ЫРГАЛ КАДЫРАЛИЕВА  

Туулган жылы – 1981-жыл, 2-август.
Өзгөндүн Куршаб айылынан.
Билими – ОшМУнун юридика факультети.
Эки баланын энеси.
Өзгөндүн кызы, палоону мыкты даярдайт.
Учурда КСДП фракциясынын депутаты.

Жаш депутаттын сунуштаган мыйзамдарынын бири – “Кыргызстанда кыздарды 22 жашка толо электе чет өлкөгө чыгарбоо” мыйзамы. Ыргал айым агасы Санжар Кадыралиевдин жолун улантуучу десек болот. Өзү да агасына аябай жакын болгонун айтат. Учурда иш бөлмөсүндө агасы жакшы көрүп өстүргөн гүлдөр "жашайт".

Автандил Добулбеков
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(27)
14.05.2012. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Поздравляю Гульниза!Молодец!Я за тебя рада,звонтетип поздравитетейин десем жоксун,дагы коп нерселерге жетиш,группалашын
14.05.2012. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы жаштарга бергиле саясатты катырат анткени булар азыркы жаштардын тилин билет
14.05.2012. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактыбек мырза сизди тээ студент кезинизден эле билчуубуз сиз осо турган жигитсиз... Алга Бакыт ака...
14.05.2012. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы.....очень рада за всех, за молодых!!!!!!!!! Ишинер алга жылсын жана чындыкты, акыйкатты коздогон адамдардан болгула!!!!!!!
14.05.2012. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дастан бекешовдун козу коробу
14.05.2012. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ulukbek, jok
14.05.2012. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт байке кандайсыз, ишинизге ийгилик !!! Бакыт байке Женишгуль кайда.?классташымын
14.05.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chatkaldyn akimine ne bolup ketti ele daagy? je kytailar algyla dep ataby akimdi? Altyn kenderi koop chatkal tuuraluu jazgylachy super info. Aldyn ala raxmat!
14.05.2012. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт азамат! Чон аталарыбыз жакын жоролордон. Эн жонокой уй булодон. Студент кезинен эле активдуу азамат. иштерине ийгилик.
Нурзат осмонова жок го я?
15.05.2012. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurka_85, Осмонова депутаттыгын илгери эле тапшырып берген...
14.05.2012. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тобоо бизде ушундай жаш депутаттар барбы онолот деген ушуда
14.05.2012. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаштар деги жаштарды коргулочу эмне болуп жатат чет жерде суранабыз иштегилечи
15.05.2012. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясатка жаш жана акылдуу адамдардын аралашып жургону жакшы корунуш. Эл сиздерден коп нерсени умуттонот. Ишинерге ийгилик, тарыхта атынар калгыдай болуп жакшы иштерди жасагыла. Гулниза эже, сизге ден соолук, ийгилик, бакыт каалайм! Токмоктон.
15.05.2012. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоомарт байке,Гульниза эже,Бакыт байке биз силер менен сыймыктанып келебиз!!! Элдин умутун актаган, бийиктиктерди багынткан инсандардан болоорунарга ишенебиз! ИЙГИЛИК!!!!!! Келечек жаштардыкы :))))))))
15.05.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана эми ак иштеп, курчтук менен Кыргызстанды оноп коюшса...
15.05.2012. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаштар алга, дагы-дагы жаштарды алга карай тарта бергиле.
15.05.2012. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыргал азаматсын, талыкпай иштей бер! Уй-булон менен аман бол!
15.05.2012. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыбек Калмаматов деген депутат студент кезинде ОшМУ нун алдында ректор кетсин деп 500 бала алып чыгып митинг кылган эле. Кийин коммитет торагалыгына шайланып кичине иштеп андан да озу кетип калды окшойт. Ошондон бери тааныйм. Суйлогонуно караганда озуно тын анан акылдуу корунот. Ушул боюнча балит иштерге аралашпай кетсе жакшы ... !
17.05.2012. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай жашта депутат болуу ото жаштык кылат.мен буларга лично тагдырымды ишене албайм.копту коргон билбейт коп жашаган билет.
17.05.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
noori, жумуш ордун жаштарга бербейт деп эле, жаштар наалып журобузго, берсе анан кайра ушинтип тескери суйлойбуз
17.05.2012. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ehh,Joomart Saparbaev taaaakkkkoy krasavchikkk!=)
17.05.2012. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул 6тоо кыйратып деле эч нерсе кыла алышпайт, аз болуп атышпайбы, коп болсо бийликтин 1-2%тин тузушот экен, бирок акырындап ушинтип жаны муун келсе жакшы болмок, бирок ар бир муундун деле жакшысы да жаманы да бар... ээх онолуп, осуп кетсек экенбиз!!!
18.05.2012. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
21 кылымдын кадрлары алга!!!
18.05.2012. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Irval ayimdin kizdardi 22 jawka cheyin zagranisaga chigarboo sunuwu jakkan jok. Bolbogon sunuw. Ar bir Adam ozu chechiw kerek kancha jawta kayaka chigiwin!!!
19.05.2012. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкысы чындыктан тайбагыла,оз созундо турган,эли-жери учун адилет кызмат кылган,арамдан алыс болгон кыргыздын чыныгы уул-кыздарынан болгула.Буюрса 4-5 жылда такшалып,бышып каласынар.Ийгилик каалаймын.
19.05.2012. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм жаштарга ! Бирок бироонун колундагы чабылган кылыч болбой оз акылынар менен иштесенер жакшы болмок .
20.05.2012. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинерге ийгилик жаштар! Парламентке жаш депутаттар кобурок болсо жакшы болот да,анан эле тээ картайган СССРдин убагындагы адамдар эски коз караш менен эле жаштарды тенине алышпайт чымчыктар деп. Жаштар билет да азыр кандай политика керек экенин онуктуруу учун,патриот келет. Ал эми пайгамбар жашындагы депутаттарга бары бирдей сезилетда. Урматтуу кыргыз элим ака ака дебей байке десенер,же кыргыз адабиятында ака,тага,уко апче деп жазылганын окудунар беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: