Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

SOS: СУИЦИДДИ КАНТИП ТОКТОТОБУЗ?

№497 11-май-17-май, 2012-ж.


Акыркы жылдары коомчулук чоң бир көйгөйгө туш болду. Тактап айтканда, өспүрүмдөр арасындагы өзүн өзү өлтүрүү жаңы муундун модасына айлангандай. Өз өмүрүн кыюу менен жаш муун коомчулукка эмнени айтканга аракет кылат? Дегеле өспүрүмдөр арасында суициддин көбөйүшүнө эмне себеп болууда?..

КӨЙГӨЙДӨН КУТУЛУУНУН ЖОЛУ
Суицид сөзү латын тилинен алынып, "sui caedere" – "өзүн өзү өлтүрүү" дегенди билдирет. Бул кадамга психикалык жактан жабыркагандар, катуу стресске же депрессияга кабылгандар барышат. Башына кыйынчылык түшкөндө абалдан чыга албачудай сезилет. Келечекке үмүтсүз карап, алдыга максат коё алышпайт. Ошондой маалда cуицидге барууну бардык кыйынчылыктан кутулуунун жолу катары кабыл алышат.
Жаштарда кезиккен көйгөйлөрдү чечүүдө ата-эненин гана эмес, мектептеги мугалимдердин да жардамы керек. Себеби айрым учурларда бала ата-энесине караганда мектептеги мугалимин көбүрөөк көрөт. Эгер өспүрүм чүнчүп, мүнөзү, кыялы өзгөрүлүп кетсе, аны психологго алып баруу керек. Демек, анын ичинде жашыруун ызасы бар, балким, ошол эле ата-энесине, же мугалимине, же досторуна. Ата-эне баласына көңүл буруп, аны менен көбүрөөк убакыт өткөрүүсү зарыл. Баланын мээримге муктаж экендигин унутпоо керек.
Суицидге баргандардын жакындары “мен мындай кыларын билсем кана” дешет. Бирок убагында баласындагы шектүү өзгөрүүлөрдү байкабай калышат. Мындай кадамга барып жаткан адам буга бир нече убакыт даярданат. Адам айланасынан жардам издейт, жан дүйнөсүн ачып, ызасын чыгаргысы келет.

Рабия эже: "ТАТЫКТУУ ЭНЕ БОЛО АЛБАДЫМ..."
– Бир жарым жыл мурун 14 жашар кызым асынып алган. Кызымдын акыркы учурда өзгөрүлүп кеткенин байкагам, бирок олуттуу көңүл бурган эмесмин. Өмүрү көзүмө тике карабаган кызымдын кыял-мүнөзү өзгөрүлүп кеткен.
Бир күнү жумуштан келсем, колу-бутун лезвие менен кыйма-чийме кылып тилип салыптыр. Эмне үчүн мындай кылганын билүү үчүн сырдашып көрсөм, бир жигитти жактырып жүргөнүн айтты. “Ал бала башка кыз менен сүйлөшөт” деп капаланган. Ага чейин менин жумушум көптүгүнөн улам аны менен сырдашканга убактым жок эле. Атайын кызыма убактымды бөлө баштагандан кийин мамилебиз жакшы боло баштады. Кызым “менин атам жок” деп көп айтчу. Себеби күйөөм башка аялга кетип калган.
Ошол каргашалуу күнү эртең менен жумушка кетип жатсам, келип кучактап бетимден өөп: “Эртерээк келиңиз, мен сизди сагынам”,- деди. Ичимден сүйүнүп, жумушка далбастап кеттим. 4 сааттан кийин коңшум “үйгө тез кел” деп чалды. Барсам, кызымдын өлүгүн жибинен бошотуп жатышыптыр. Өлөр алдында “апа, мени кечир, мен кыйналып кеттим. Айбек мени сүйбөйт экен, атама да керегим жок. Бизди багам деп сиз аябай кыйналып кеттиңиз, андан көрө эки инимди жакшылап багыңыз. Мен сизди жакшы көрөм, дайыма сиздин жаныңызда жүрөм...” деп кат жазыптыр. Айла жок экен, азыр эки уулумду кайтарып жашайм, алардан “мени ыйлатпагыла” деп суранам. Эл-журтка айтарым, балдарыңарга көңүл бөлгүлө. Мен жалгыз бой болгондуктан, 3 баламды багам деп жан талаша иштеп жүрүп татыктуу эне боло албадым. Менин башыма түшкөн жоготууну эч бир жанга каалабайм.

ГУЛЯ АКБУТИНА, психолог:
– Өспүрүмдөр дээринен максималист (чымынды төө көрүшөт) болушат. Көп учурда кичинекей нерсени да чоң, чечилгис көйгөй катары кабыл алышат. Алар “мен чечем же ...” деген принцип менен жашашат. Мындай туура эмес кадамга түздөн-түз үй-бүлөдөгү түшүнбөстүк, анын айланасындагы адамдардын таасири, жүрүм-туруму жана социалдык абалы себеп болушу мүмкүн. Айтарым, көп учурда ата-эне балдарын кагып-силкип, орой мамиле жасашат, бир нерсе болсо “курсагың ток, кийимиң бүтүн, дагы эмне керек?!” деп катуу айтышат. Ата-энелер, балага, эң башкысы, мээрим керек экендигин унутуп коёбуз. Өспүрүмдүн психологиясы жүрүм-турумунан, коом жана социалдык кырдаалдар тарабынан калыптанат. Алар биринчи депрессияга туш болуп, өзүн эч ким түшүнбөгөндөй, эч кимге кереги жоктой сезишет. Өзүн өзү өлтүрүүгө көбүнчө намыскөй балдар барышат. Бир нерсени туура эмес кылып алса, “уруш жейм”, “жаман көрүнүп калам” деп намыстанышат. Бул көйгөйгө коомчулук жапа тырмак киришишибиз зарыл. Себеби кошунанын баласы асынып алса, “менин үй-бүлөм аман-эсен болсо экен” деп тим болбой бала-чакасын катуу көзөмөлгө алып, анын көйгөйлөрүн чечкенге милдеттүүбүз. Анткени жаман нерсеге сиздин балаңыз да таасирленип, аны оңой жол катары карашы толук ыктымал.

ДАМИРА КУДАЙБЕРГЕНОВА, Билим берүү министрлигине караштуу мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы:
– Тилекке каршы, акыркы жылдары өзүн өзү өлтүргөн өспүрүмдөрдүн саны кескин көбөйдү. Бул экономикалык-социалдык, үй-бүлөлүк, коомчулуктун таасиринен улам. Бирок көбүнчө өзүн өзү өлтүр­гөн өспүрүмдөр толук эмес үй-бүлөлөрдөн. Ата-энеси чет жакта акча табуу менен алек, ал эми жеткинчек өз көйгөй­лөрү менен жалгыз калып калууда. Эгер бала өз өмүрүнө кол сала турган болсо, акырына чыккыча аракеттенет.
Азыр телерадио, ММКлар дайыма жакшы жашоону, жакшы тамак, кийим-кечени тынбай беришет. Аны көргөн бала "мен мындайга жетпейм" деп дагы басынып калат. Ата-эне баласына мээримин төгүп, “катачылык кылсаң эч нерсе болбойт, аны оңдоого убактың бар” деп сылык, сабырдуу мамиле жасашы керек.
Албетте, мындай жаш курагында балдарыбызды жоготуп жатканыбыз жагымсыз көрүнүш. Бизге бала бакчадан баштап, мектеп, бейтапканаларга да психологдорду көбөйтүш керек. Ар бир бала менен жеке сүйлөшүп, тыгыз иштөө зарыл.

СТАТИСТИКА КЫРГЫЗСТАНДА

  • 2008-жылы – 72, 2009-жылы – 76, 2010-жылы – 96, 2011-жылы – 109 өспүрүм өз өмүрүнө кол салып каза болгон. Алардын 65и эркек, 44ү кыз.
  • 2012-жылдын 1-январынан 29-февралына чейин суицид боюнча 24 факты катталып, алардын 15и эркек, 9у кыз болгон.

Бишкек шаары – 3 (2 эркек, 1 кыз)
Чүй облусу – 5 (4 эркек, 1 кыз)
Ысык-Көл облусу – 3 (2 эркек, 1 кыз)
Нарын облусу – 1 (кыз)
Ош облусу – 4 (эркек)
Жалал-Абад облусу – 3 (2 эркек, 1 кыз)
Талас облусу – 1(кыз)
Баткен облусу – 4 (1 эркек, 3 кыз)

ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЖАКТАН ӨЗҮН ӨЗҮ ӨЛТҮРҮҮГӨ ЖАКЫН ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ТОБУ

  • Өзү теңдүүлөр менен тил табыша албагандар.
  • Ичимдик же баңгизатын колдонгондор.
  • Кемсинтүүгө кабылган же жакындарын жоготкондор.
  • Алдыга койгон максаты менен иштеги ийгиликтери дал келбегендер.
  • Оорукчан же жакын адамдары таштап кеткендер.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ

ӨСПҮРҮМДӨРДҮ СУИЦИДДЕН КАНТИП САКТАЙБЫЗ?



Алия Карымбаева, сүрөтчү, Каракол:

– Өмүрүн кыйгандардын эң негизги көйгөйү бул – жокчулук. Досторундай кийинип, ичине албай басынуудан ушул кадамга барат. Ата-энелер балдары үчүн эртерээк кам көрүп, аларды бардык жагынан эл катары өстүрүүгө аракет кылуусу зарыл.


Кыял Акматов, окутуучу, Ош:
– Бул көрүнүш мурунтан болуп келген. Мындан арыла алабыз деп айтуу кыйын. Биз суицид тууралуу теледен, гезит беттеринен маалымат берүүнү токтотушубуз керек. Себеби бул эмне экенин билбеген өспүрүмдөргө биз кайра түшүнүк берип жатабыз.



Самарбек Базаркулов, энергетик, Жалал-Абад:
– Бир чара колдонуп, өспүрүмдөрдү мындан сактап кала албайбыз. Кайдан билебиз, бүгүн же эртең кайсы бала суицидге кабыларын? Бул деген психологиялык оору да. Жалпы адамзаттын аң сезими оңолсо, бул көйгөй да чечилет.


Жаңыл Жусабаева, үй кожойкеси, Бишкек:
– Болбогон нерсеге намыстана берчү курак – өспүрүм кез. Мектептердеги салык салууну азайтса, окуучулар арасындагы атаандашуу да азаймак. Анан балдарды куру намыска ардана бербегендей оор басырыктуу болууга тарбиялоо зарыл.



Үсөн Кыязов, студент, Бишкек:
– Бул көптөгөн себептерден болуп жаткан нерсе. Жакында эле тааныш кызымдын курбусу "ата-энемди сагындым" деп кат жазып, ошол себептүү эле асынып алыптыр. Суицидди жоюу үчүн мектептерде дин жана психология сабактары кеңири окутулуусу зарыл.


Нуржамал Атамова, эсепчи, Ош:
– Көпчүлүк ата-энелер баласы бир нерсеге капаланып турса, анын бул абалдан чыгуусуна жардам бербестен, кайра урушуп, анын суицидге баруусуна түрткү болушат. Өспүрүмдөрдү суицидден ата-эненин мээрими куткара алат.


Эрнис Дүйшеев, жол куруучу, Каракол:
– Азыркы жаштардын кабыл алуусу башкача. Аларды суицидге жеткирбеш үчүн ата-эне жана мугалимдер балдарга туура жол көрсөтүүсү керек. Көңүлүнө карай бербей, керек жерден катуу болгон деле жакшы.

Уулбү Каныбекова



SOS: Суицидди кантип токтотобуз?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
14.05.2012. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суицидди азайтуу учун балдарга мектептерде, окуу жайларда атайын окуулар окулуп , уйдо жонокой тил менен ар дайым тушундуруу иштери жргзлп келиши керек. Бул нерсе менен ар дайым курошуу керек. Башкача айтканда, олум менен эле адамдын койгойу чечилип калбастыгын, бул бир берилген жашоо сыноо экендигин,Алла Таала оз жанын кыйгандарды кечирбеситигин, олуп калуу менен сен канчалаган жакындарына да койгойлорду жарата тургандыгынды, бул жашоодо бардык койгойду акыл менен чечуу керектигин балдардын
14.05.2012. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жан дуйносуно синдирип, сен бул дуйного бекер келбегенинди, озжанынды кыйсан Кудай алдында жооп берип калаарынды айтуубуз керек. Созсуз эле олуп калсан, жанынды кыйсан дебестен, алдын ала баланы мындай ишке барбай турган денгээлде ички дуйносун таза сактоо керек, эн биринчи ата-эне улгу болуп, айткан созу менен кылган иши дал келуусу зарыл деп ойлойм. Баарына топук кылып жашоого, токтоо болууга уйротуу керек.
SUPER.KG видео
14.05.2012. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз тагдырын айтып буткончо чарчап кетет экенсин.
14.05.2012. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
желтой прессе поменьше освещать, обычно после этого начинается серия суицида
14.05.2012. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде да ушундайлар коп болгон биздин бир таанышыбыздын баласы 5-классында апасы чукуру тергени жонотбой койсо асынып олуп алган менин бир классташ кызым уксуз ичип олуп алган,дагы бир туугандарыбыздын 91-жылкы кызы мектепти кызыл атестат менен буткон кыз жондон жон эле асынып олуп алды.
16.05.2012. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизинен бунун баары ошол оспурумго конул бурулбагандыктан келип чыгат деп ойлойм.Азыркы убакта уйундо болбосун,окуган окуу жайында болбосун мурункудай конул бурулбай калган.Ата-энеси тан аткандан кеч киргенчекти жумушунда,туугандары оз жумуштары м.н алек болгондуктан,оспурум озун ичиндеги сырларын эч кимге айталбай,болушо албай кыйналат.Анан озунун оюун бироолорго жеткиргиси келет,бирок жеткире албайт.Кыскасы,озун эч кимге кереги жок,бул жашоодо аны эч нерсе кармабагандай сезип,озун озу олтуру
16.05.2012. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асылдын историясы окшошпой калыптырго, 2009-жылы 9-класстын окуучусу болсо Россияга барып уйун ремонт кылганга жеткидей акча таап келе алабы (2011-жылы мектепти бутсо, мен 2011-жылы келдим дейт го) жарым жылда эмес россияда 3-4-жыл жургондор бар го жеткиликтуу акча таба албай, анан ортодо коооп убакыт отту ал турмого тушту, мен куйоого чыктым дейт азыр 2012-жылдын май айы элего....10 жыл болгодой айтыптыр го жылдарын айын эсептесенер
17.05.2012. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омур кыйып кыйнабачы жанынды.
омур деле ченелууго жалганбы.
омур кыйып 2 метр жер менен.
соогун калат кара турпак ным менен.
чынын айтканда азыр биз суйуу эмне экенин деле билбей конулго жакса деле оооо суйууго деп журобузго ошол ойлонгонго не жетсин э кыргызым. ойлонуп коруп олумдон башка жол тапсада болотго. аркет кылып койсон отук сеники болот башына кандай кун келседа.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: