Жалал-Абаддын облустук прокуратурасы Санпа окуясы боюнча күнөөлүүлөрдү жоопко тартты. Эскерте кетсек, 2010-жылдын 12-15-июнь күндөрү Ош-Бишкек жолунун Топурак-Бел ашуусунда орун алган “Санпа” пахта тазалоочу заводунун айланасында үрөйдү учурган адам өлтүрүүлөр болуп өткөн. Күбөлөрдүн айтымында, чогулган топ асфальтка атайын май төгүп, жолдон тайгаланган автоунаанын жүргүнчүлөрүнө ок атышкан. Тергөөнүн маалыматына ылайык, 11 адам бейкүнөө ажалга кабылып, 2 адам дайынсыз жоголгон.
Жабыр тарткандардын жакындары адилеттүү чечим чыгарып берүүлөрүн өтүнүп, соттук иш улам жылып отурган эле. Акыры 19 адам эркинен ажыратылды. 18и өмүр аягына чейин түрмөгө кесилсе, ал эми У.Аблазов карылык курагы үчүн 25 жылдык мөөнөт алды. Соттолгон 18 киши төмөнкүлөр: Л.Атабаев, А.Янгибаев, К.Мамажанов, А.Абдуваитов, М.Абдуваитов, М.Абдурасулов, С.Мойдинов, Т.Абдуллаев, А.Мамадалиев, А.Салиев, У.Отамирзаев, Ж.Садыков, М.Юсупов, И.Хамдамов, Б.Жалалов, И.Атабеков, Г.Абдурахманов, Ф.Абдужоббаров.
Оздорунун жанын оздору кыйса сонун болмок,бизди талаштырып,тартыштырбай.Кандай гана оор жаза берилбесин-булар учун аз.
Kirgizip bulargo okwogon adam emesterti atuu kerek! Allahtin Bergen omurun bular tartip alip al kunoosuz adamdardi olturuugo Akisi jok ele
Bulardida olturuw kerek, omur boyu kamakta oturuwpayt kayra ele eptep chigarip aliwatta kayra jawoosun ulanta beret, al emi owol olgon
Kirgiz adamdar kAyra tirilip kelbeytkooo...