“Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен белгилүү тележурналист Гүлжан Кулманбетова уулдуу болушту. Элдин көңүл борборундагы бул үй-бүлөнүн куту Гүлжан Кулманбетова 30-апрелде кечки саат 11де көз жарган. Наристе 3 килограмм 500 грамм салмакта төрөлүп, учурда эне-баланын абалы жакшы. Уулдуу болгонуна маңдайы жарыла кубанган атасы ымыркайга Алихан деген ысым ыйгарыптыр. Эскерте кетсек, Алихан бул үй-бүлөнүн төртүнчү баласы, эки кыз, бир уулдан кийинки көкүрөк күчүгү болду. Наристенин бешик боосу бек болсун!
Аскар байкем тирүү кезинде тукум алып калгыла. Кыргызстан ошондо которүлот.
Ар бир колдонуучу сайттын талабына ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Башка колдонуучунун өздүгүнө асылбай, тема боюнча жазыңыз!