9-майда Динара Акулова концерт берип элдин көңүлүн көтөрүп жүргөн чакта ага алыскы Орусиядан кубанычтуу кабар келиптир. Көрсө, Динара айымга экинчи ирет таене болуу бактысы буюруп, Орусияда жашаган улуу кызы Мери Дина кыздуу болгон экен. Учурда ырчынын кубанычтан төбөсү көккө жетип турган мезгили. Ошондой эле ырчы Кубаныч Сатаевдин да үйү шаңга бөлөнүүдө. Анткени жеңекебиз Кундуз майрамга улай 10-майда көз жарып, уулдуу болушту. Наристелердин ден соолугу чың болуп, кыргыздын мыкты уул-кыздарынан болушсун!