Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ГЕРОИН, МАФИЯ, СЮРПРИЗДҮҮ САПАР ЖЕ БАҢГИЗАТЫНЫН КУРМАНДЫКТАРЫ – КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР

№499 25-май-31-май, 2012-ж.


”Баңгизатын ташыган адам колго түштү” дегенди көп эле угуп жүрөбүз. Алардын көбү баңгизатын пайда табуу үчүн өз каалоосу менен ташыса, арасында эмне ташыгандарын билбегендери да бар. Жакында өлкөбүздүн чекисттери коңшу өлкөлөрдөгү кесиптештери менен биргеликте баңгизат менен шугулданып жүргөн кылмыштуу топту кармашты. Бул кылмыш тобу биздин жарандарды бир ирет колдонуучу кол каптай эле пайдаланышканы маалым болду.

БУЛАРГА ЭМИ ЖАРДАМ БЕРҮҮ МҮМКҮН ЭМЕС
Кытайда эле акыркы эки жылда Кыргызстандын баңгизаты менен кармалган 19 жараны соттолгон. Алардын кээси өлүм жазасына тартылып же өмүр бою эркинен ажыратылса, көбүнүн кийинки тагдыры тууралуу маалымат жок. Булардын баары ар бир каттам үчүн орточо 500 доллар акы алып, өз тагдырлары менен ойношкон.

САК БОЛУҢУЗ, «ШОКОЛАД ТҮСТҮҮ КОЁНДОР»!
Чекисттердин айтымында, башка өлкөлөргө героин ташыган мындай “шоколад түстүү коёндор” биздин өлкөдө жетишерлик. Алардын көпчүлүгү Нигериянын жана Түштүк Африка Республикасынын жарандары. Баңгизатын жеткирүүгө биздин жарандарды колдонуп жатышканы ачууну келтирет. Баңгимафиясынын бул кара терилүү жигиттери бүт дүйнө жүзү боюнча орун которуп турушат жана адамдар менен иштөөдө да тажрыйбасы мол. Көпчүлүк учурда биздин кыздар менен бай адам катары таанышып, жер көрсөтүүгө же үйлөнүүгө сөз берет. Өзү “жумуштары” менен чет өлкөгө барып, колуктусун ошол өлкөгө чакырат же анын ата-энеси баласынын колуктусу менен таанышкысы келип калат да, бир өлкөгө келүүсүн өтүнөт. Анан батиринде “унутуп калган” баштыгын же чемоданын ала келүүсүн суранат.

ИНТЕРНЕТТЕГИ ТААНЫШУУ
Өткөн жылдын күз айларында УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлерине Кыргызстандан башка өлкөгө баңгизаттарын жөнөтүп жүргөн айым тууралуу маалымат түшөт. Иликтөөлөрдүн натыйжасында айымдын аты-жөнү такталып, ал Бишкек шаарынын 24 жаштагы тургуну Динара Солтобаева деген болуп чыгат. Анын изине түшкөн из кубарлар Кытайга жана андан ары Азиянын башка өлкөлөрүнө баңгизатын ташыган мыкты уюшулган канал бар экенин билишет. Пайда жакшы түшкөндүктөн, героин өтө көп эмес салмакта жөнөтүлүп, колго түшүп калса деле чоң жоготуу эмес эле. Ал эми курьер мафия үчүн товар ташыгыч гана болуп эсептелип, алар кармалышса, жоготуу деп саналбачу экен.
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон. 2010-жылдын күз айларында Динара интернет аркылуу Кытайда жашаган нигериялык Агумба аттуу адам менен таанышып калат. Интернет аркылуу баарлашуу учурунда африкалык өз эсебинен Динараны Кытайдын Гуанчжоу шаарына конокко чакырат. Ал жакка барган Динараны Агумба коноктоп, ага Кыргызстанда кийим тигип сатуу үчүн Гуанчжоудо кийим тигүү боюнча бизнес баштап жатканын айтат. Ал эми Динарага кайсы кийимдер жакшы өтүп жатса, алардын үлгүсүн жөнөтүп турууну сунуштайт. Бишкекке кайтып келген Динара Агумба телефондон айткан даректердеги чемодан, баштыктарды жөнөтүп турса, кийинчерээк курьерлер үчүн учакка билет алып, виза даярдап, аларды учакка салууну да уюштура баштайт.

ЧЕМОДАНДАГЫ ЖАШЫРУУН БӨЛҮК
Ошентип иштеп жүргөндө, тагыраак айтканда, 2010-жылдын 5-октябрында Кытайдын тартип сакчылары Үрүмчү шаарында 44 жаштагы Кыргызстандын жараны Светлана Кулбаева аттуу айымдын жүгүнөн 7,5 килограмм героин таап чыгышат (маалыматтарга караганда, Кулбаева декабрь айында кытай соту тарабынан өлүм жазасына буйрулган). Динара кийин чекисттерге ошондо гана баңгибизнеси менен иштеп жүргөнүн билгенин айткан. Динара Кулбаеваны Кытайга жөнөткөндүктөн, Агумбадан жооп талап кылганда ал ачык эле баңгизаты менен иштешүүнү сунуштаган. Динара макул болот да, баңгиканал ишин улантып, “кийим үлгүлөрү” айына эки ирет жөнөтүлүп турган. Баңгизаттар сумканын, чемодандын же калың китептин ичиндеги атайын жасалган жашыруун жерге салынып жөнөтүлчү. Героин ламинаттан жасалган пластиналарга салынып, ал аэропорттордогу рентген аппараттарынан да көрүнчү эмес экен.
Чекисттер Динаранын үйүнө тинтүү жүргүзүшүп, үйдүн ичи жашыруун жайлары бар сумкалар менен сырты калың китептерге толо экенине күбө болушкан. Динара баңгимафиясынын калган мүчөлөрүн колго түшүрүү иштерине жардамдашууга макул болот. Бирок анын телефондогу үнүнөн баамчыл Агумба бир көйгөй болгонун билип койгон да, байланыш үзүлгөн. Чекисттер бир аз убакыттан кийин бул топ багытын Үрүмчүгө эмес, Гуанчжоуну көздөй өзгөрткөнүн билишет. “Товарды” алгач автоунаа менен Алматыга чейин алып барып, андан ары учак менен Пекинге, анан Гуанчжоу шаарына жөнөтүп калышкан эле.

ХИРУРГ-КОНТРАБАНДИСТ
Бул топтун изине түшкөн чекисттер 2012-жылдын 14-январында Казакстанга кире бериштеги “Ак-Жол” чек ара өтмөгүнөн 24 жаштагы Айганыш (бул кыз тергөө иштерине жардам бергендиги үчүн акталган, аты өзгөртүлдү) аттуу кызды жана аны Алматыга узатып бараткан 19 жаштагы Нурсултан дегенди кармашат. Алардын жүгүн тинтүү учурунда баштыктын каптал жагына бекитилген 5 килограммдан ашуун героин табылат. Ошого улай эле чекисттер Ош шаарынан 24 жаштагы Артур дегенди да кармашат. Чекисттердин маалыматында, Артур Агумба менен түз байланыша алган тар чөйрөдөгү тандамал адамдардын катарына кирчү. Ооруканалардын биринде хирург болуп иштеген ал Тажикстандан жөнөтүлгөн героинди Оштон тосуп алып, таксисттер аркылуу Бишкекке жөнөтүп турган. Артур чекисттер менен иштешүүгө макул болот да, Агумбага телефон аркылуу Айганыш жумуштары менен кармалып калганын, бирок кийинки каттам менен учарын маалымдайт.

КЫТАЙДА БАҢГИЗАТЫ ҮЧҮН ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ БАР
Кыргызстандын УКМКсы казакстандык, кытайлык кесиптештери менен сүйлөшүү жүргүзүшүп, операциянын финалдык этабына киришишет. 18-январда Алматы шаарынын аэропортунан Пекинге баштыгына 2 килограмм героин салган Айганыш, УКМКнын эки офицери жана алардын кытайлык кесиптеши болуп учушат. Чекисттер алгач Айганышты Кыргызстандан эмес, чиеленген түйүндү чечүү үчүн кытайлык кесиптештерине карматкылары келишкен. Бирок жаш кызды аяп коюшкан, анткени Кытайда аз өлчөмдөгү героин үчүн да өлүм жазасына тартылат же өмүр бою абакка отургузулат.
Гуанчжоу шаарындагы мейманканага кытай кызы келип, Айганыштан баштыкты алып чыгып баратканда аны кытай полициясы кармаган. Тергөө учурунда кытай тартип коргоочулары аны атайын креслого таңып суракка алганын көргөн Айганыштын коркконунан эси ооп кала жаздаган.
Өткөн сандарыбыздын биринде жазган Индонезияда баңгизаты менен кармалган Жибек Сакеева да бул топтун курмандыгы болушу мүмкүн. Эске салсак, 2010-жылдын 5-октябрында Индонезиянын Бандунга шаарынын аэропортунан анын жүгүнөн 8 килограмм героин табылып, Индонезия соту тарабынан12 жылга эркинен ажыратылган эле. Иликтөө иштеринде аны бул сапарга нигериялык Бен деген адам жибергени билинген. Ал Жибек менен Бишкектен таанышып, андан Малайзия аркылуу Индонезияга “сумкалардын үлгүсүн” алып баруусун суранган. Чекисттер Жибекти да бул сапарга Динара узатышы мүмкүн деп эсептешет. Себеби бул кылмыштуу топтун дагы бир курмандыгы болгон Анастасия Яичникова (ал 2011-жылдын 10-мартында “Манас” аэропортунан Кытайга учарда жанынан 5 килограмм героин табылып кармалып, 16 жылга эркинен ажыратылган) Динара менен Жибектин чогуу жүргөнүн көргөнүн айткан. Чекисттердин айтымында, Бен, Майкл, Набуке дегендер Околи Паулинус Набуке аттуу бир эле адам болушу мүмкүн. 7-апрелде бул топтун кээ бир мүчөлөрүнүн үстүнөн сот иши аяктап, Нурсултан Курбаналиев 12, Артур Иминахунов 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Динара Солтобаеванын иши дале тергөөдө. Агумбаны кытай тартип коргоочулары издеп жатышкан чагы. Учурда иликтөө уланууда.
Биздин чекисттер “бул кылмыш тобу баңгизатын ташууда мындан башка да көптөгөн адамдарды колдонушу мүмкүн” деп эсептешет, себеби алданган адамдар баңгизатын ташыганын өздөрү да билбеши ыктымал. Ошондуктан Кытай, Малайзия, Индонезияга ушуга окшош жагдайда сапарга барып келгендер болсо, УКМКга келип, тергөөгө көмөктөшүүсүн суранышат. Аларга кылмыш жоопкерчилигинен куткарыларына жана анонимдүүлүгүнө кепилдик берилет. Мындан сырткары бул кылмыш тобу тууралуу маалымат билгендер же сүрөттөгү Динара Солтобаевадан сунуш алгандар болсо, УКМКнын төмөндөгү ишеним телефондору аркылуу билдирип коюшун өтүнөт: (0312) 66-04-75, 62-65-04.

Көптөгөн биздин жаштарды чет өлкөлүктөр кызыктырышы мүмкүн. “Чет өлкөлүкпү, демек, бай, аны менен иши кылып бир чет өлкөгө кетип калса болот” деген түшүнүк калыптанып калган. Кармалгандардын ордун эми башка бирөөлөр толукташы толук ыктымал. Ошондуктан чет элдик болсо эле ишене бербей, ар бирибиз өзүбүзгө сак болуп, болбогон акчага алданып, бир келген жашообузду тозокко айлантып албайлы.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
28.05.2012. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын кыздары намыстуурак болушса!!!
28.05.2012. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жигиттерди басып кеткенго бул кыздар эми азабын тартып жата беришсин
28.05.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир жактуу кыздарды эле жамандай бергенде болбойт го,алар жашоонун кыйындыгынан ушундай ишке барып жатышат да АЛЛА сактасын
28.05.2012. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх кыздар акча десе эле баарына макул болбогулачы, акчаданда кымбат нерсе коп бул жашоодо......
28.05.2012. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ne deerindi bilbeisin..jaman boluptur bilbei karmalgan kyzdarga..bilip kylgandarga soz jok
28.05.2012. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар сак болгула озун таанып билген адам менен эле мамиле курса болот. же созсуз акчасы кооп, бай адам менен жашасам бактылуу болом деп ойлошобу.? тушунуксуз.????? акчаны адам табат, акча адамды эмес.!
28.05.2012. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоба кылдым тенирим сактасын жаман адамдардан.
28.05.2012. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз чекисттери азаматсынар.байлардын балдарын да кармасанар кое бербей
28.05.2012. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда акча десе кыздар бардык нерсени аткарат.
28.05.2012. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talant86, акчага кыздар эмес биздин депутат министрларда макул болуп атбайбы...:-(
28.05.2012. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talant86, Динараны окуп алып кыздардын баары деген болбойт го
28.05.2012. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи сак болуш керек,биз Кытайга кетээрде кээбир адамдар келип, "балама муну ала кет, кызыма тигини ала кет, Кытыйдын бил жеринде окуйт" деп жалдырышыт.Мындай адамдарды балдар кагып коёт,баягы эле боорукер кыздыр алып алышат.Балким, Динара окшогондор ушинтип байкуш болуп атат, ким билет?
29.05.2012. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айрыкча студент кыздар этият болсо.Студент кыздар көп алданат деп ойлойм.Жибек Сакеева жакшы үй-бүлөнүн кызы болчу.Атасы каза болуп калган.Апасы Нурия эже акушер-гинеколог болуп иштечү.жакшынын шарапаты,жамандын кесепети тийди да.
31.05.2012. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menimche alar jaman ekenin bilip turup baryshat ko,birok alar oinogonun,jyrgaganynan emes......turmushtan kyinalganynan baryshat.
31.05.2012. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооой заманын тушкур, кудайым озу сактасын. Адамдарга нысап берсин...
31.05.2012. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип эле билбей калышсын алданып, бангизат алып баратканын, акча учун кылышат да акча учун, алкым дегенди тыйсак боло, акча деп журуп бир куну олуп кетебиз да. . .
02.06.2012. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча дегенде ата энесин сата тургандар менен иштешет алар да билет ким менен иштешти
02.06.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоону тен сырттан карасан чырайы келишкен кыргыз кыздары экен, бирок ичинен мындай иш кылып жургону окунтот... тообо кудай сактасын мындайлардан ар кимге кудай таала адамгерчилик ыйман адеп ахлак намыс берсин ....!
04.06.2012. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намысынар кана
05.07.2012. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: