Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН УР-ТОКМОК МЕНЕН ТАРБИЯЛАЙБЫЗБЫ?

№499 25-май-31-май, 2012-ж.


Интернет желелеринде «биз патриотпуз» деп көкүрөк каккан кыргыз жигиттеринин пайда болушу коомчулукта чоң талкуу жаратып келет. Алар Орусияда жүргөн мигрант кыз-келиндерди «тарбиялоо» максатында суракка алганын видеого тартып, аны интернетке жайылтуу менен «патриоттугун» көрсөтүп, атагы күн санап артууда.

ШЕРМЕНДЕ БОЛУУДАН КОРКУП, АСЫНУУГА ӨТҮШТҮБҮ?
Соңку үч айда интернет дүйнөсү Орусиядагы кыргыз жигиттеринин «эрдигине» арналган видеотасмалар менен байып жатып калды. «Патриотпуз» деген топтун мүчөлөрү Орусиядагы мигрант кыз-келиндердин башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле түзүп жатышы кыргыз улутунун намысына шек келтирет дешет. Жигиттердин кыздарды суракка алып жатканынын башкы себеби да ушул. Кыз-келиндерди энеден туума жылаңач чечинтип, ур-тепкиге алып жатышы топтун балдары тарабынан тартылган бардык видеолордо кездешет. Айрым кыздарды электрошокер, бычак сыяктуу адамдын өмүрүнө коркунуч алып келчү буюмдар менен коркутушса, кээ бирлеринин жылаңач денесине тамекинин чогун басып, чачтарынан сүйрөшөт.
Мисалы, бир видеотасмада кызды зордоп чечинтип, муунтуп, тепкилеп, ыплас сөздөр менен суракка алып жатканы бар:
– Эмне жүрөсүң?! Жооп бер, эмне жүрөсүң?! Москвага эмнеге келдиң?!
– Иштегени...
– Колуңду ары жакка түшүр! Кыздарга кеңешиңди берип кет! «Кыздар, эжелерим, сиңдилерим, эч качан мендей болбогула» деп айт!..
Мындай аёосуз кордукка учурагандардын бири Сапаргүлгө «патриоттор» (жабыркоочулардын бири өзүн видеодо «Сапаргүлмүн» деп тааныштырган) «тажиктер менен жүрөсүң» деп «тарбиялык саат» өтүшкөн. Видео интернетке, уюлдук телефондорго таркап кетип, ошол Сапаргүлдүн асынып алганы тууралуу сөздөр чыкты. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну тастыктап бере элек.

«ТАРБИЯЧЫЛАР» КӨЛБАЕВДИН БАЛДАРЫ» ДЕШЕТ
Төбө чачты тик тургузган видеотасмалар күн өткөн сайын көбөйүп, коомчулукту катуу ойго салды. Жыйырма жыл мурун башталган миграция агымынын кесепети эми айдан ачык болуп чыга келди. 1990-жылдардын башында миңдеген аялдар чаар баштыкты көтөрө үйдөн чыгып, күйөөсүн кара казандын жанына калтырып, ал эми балдары эненин тарбиясы жок өсүүгө туура келген. Азыркы учурда миграциянын айынан ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны көп жана мунун кесепетинен мектептин аягына чыгып-чыкпай чоочун жерге, бөтөн элге кетип жаткан кыздардын саны андан көп. Жарытылуу тарбия көрбөгөн, мектептен ары окубаган, турмуштун ачуу-таттуусун биле элек кыздар Орусияга барып, турмуш сыноосуна бат эле сынып, ошол эле кыргыз жигиттердин, тажик, өзбектердин оюнчугуна айланып калууда. Анан аларды ур-тепки, кордоо-мазактоо жолу менен тарбияламакчы болгон жигиттер пайда болду.
Бул медалдын бир жагы болсо, экинчи тарабы «патриотторду» колдоп жаткан мекендештерибиз бар. Орусияда иштеген кыргыз кыздарынан башка өзбек, тажик, кытай, кавказ улутундагылар жана башкалар деле бар. Ошол эле улуттардын эркектери ачык эле «эң жеңил ойлуусу кыргыз кыздары» деп жар салып, керек болсо канча кыргыз менен жүргөнүн айтып берип мактанышат. Мындан улам Орусияда кыргыз кыздары төрөп туруп ымыркайын таштап, ал эле эмес, өз чүрпөсүн өлтүргөн фактылардын саны аз эмес. Бул көз караштан алганда, албетте, «патриотторду» колдоочулар толтура, бирок Баш мыйзамда ар бир жарандын башка улуттун өкүлү менен мамиле куруусуна тыюу салынган эмес.
«Тарбиячылардын» ким экенин аныктоо үчүн бир нече жолу Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылуулар түшкөн. Түрдүү божомолдор боюнча, айрымдары «Камчы Көлбаевдин балдары» дешсе, кээ бири «үстүндө «крышасы» бар байдын балдары» дешет. Бул балдар тарабынан канча кыргыздын кыз-келиндери суракка алынганы белгисиз.

«Патриотчулардын» мындай жапайы ишине чекит коюу үчүн ар кандай сунуштар түшкөнү менен, кылмышкер балдардын аты-жөнү ушул күнгө чейин тактала элеги таң калычтуу. Кыз-келиндерибиздин мындай жолго баруусуна бөгөт коюп, бул балдар да өз жазасын алуу үчүн мамлекет кандайдыр бир чара көрсө...

WWW.SUPER.KG САЙТЫНДА УШУЛ ТЕМАНЫН ТЕГЕРЕГИНДЕ КАТУУ ТАЛКУУ ЖҮРҮП ЖАТКАН КЕЗ.

Zulya: – Биздин кыздарды атасы же күйөөсү чет жерге чыгарбай, кыйын экен, багып алышпайбы! Лөлүлөрдүн салтын улап үйдө отурушат, кыздарды талаалатып жиберишип. «Ким жаман?» десе эле кыздарга асыла башташат, «намысы жок» деп. Кайсы эркек намыстуу болуп аялын жыргатып жатат?! Анан дагы уялбай кыздардан «кандайсын?» деп сураганга жарабай, «айлык алдыңбы?» деп жемелешет.
Omyrbek: – Орусияда жашагандар билет, ал жакта кыздарыбыз кандай экенин. Мен жашаган батирде 7 адам жашайт. Бир четинде 3 кыргыз жигит, дагы бир кыргыз эже кызы менен, алардын жанында өзбек аксакал жана жаш бала жатат. Тигил эже жаш өзбек бала менен сүйлөшүп алыптыр, эч кимди көзгө илбей. Биздин жинибиз келип, өзбек баланы сабап үйдөн чыгарып салдык. Дагы бир бөлмөдө бир үй-бүлө жашайт. Алар апасы таштап кеткен эгиз балдарды багып алышкан. Балдардын энеси 17 жашында тажик улутундагы адамдан төрөгөн эле. Ушундай көрүнүштөрдөн улам көп жолу батир алмаштырдым. Бирок баары бир бардык жерде ушундай. Муну айтсам эч кимиңер ишенбейсиңер, бирок Орусияда абал өтө оор.
Anjelei: – Москвага келгениме бир жылдан өтүп калды. Башка улуттун жигиттери менен жүргөн кыз-келиндер көп. Болгондо да эң ыплас жолдо жүрүшөт. «Кой, туура эмес жолдо жүрөсүң» десең, «ал өзүмдүн ишим, Кыргызстанда жолдошумдан көрбөгөн мээримди, камкордукту көрүп жатам» дейт. Ооба, аялзатын гүлгө теңейбиз, жылуулук кайсы тарапта болсо, ошол тарапка ийилет. Бирок көпчүлүк кыз-келиндердин эртеңкиси жок жолду көздөп кетип жатышканы өкүндүрөт. «Сүйүү» деп коюшат анан дагы! Кайдагы сүйүү?! Эки-үч күндүк кумар, жеңил оокаттын жолу.

Айдай Асанбекова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЧЕТ ӨЛКӨДӨ КОРДОЛУП ЖАТКАН КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН КАНТИП КОРГОЙБУЗ?


Бүбүсара Рыскулова, «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси:
– Мунун жолдору көп. Биринчиден, ошол чет өлкөгө кетип бара жаткан кыздар алданбаш үчүн маалымат алыш керек. Мындан сырткары өзү бара жаткан өлкөдө консулдук барбы, укугу корголобу, бул тууралуу да билип алуусу зарыл. Ата-энелер да жоопкерчиликти сезип, жаш кыздары кайда кетип жатат, эмне жумушта иштейт, ошону көзөмөлгө алышса жакшы болмок. Анан мамлекет да кыздар легалдуу же легалсыз чыгып жатабы, ошону текшерүүгө алса...


Турсунбек Акун, КРнын Акыйкатчысы:
– Чет өлкөдөгү кыздардын укуктарын коргоого жапа тырмак киришип, чогуу аракеттерди көрүү зарыл. Биздин элчиликтердин бул багытта жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө керек. Ошондой эле аялдардын укуктарын коргоого багытталган бейөкмөт уюмдар, юридикалык клиникалар ушул багытта иш жүргүзсө жакшы болмок. Мигранттардын укуктарын коргоого чет өлкөлүк менин кесиптештерим жардам беришет.


Азамат Айтбаев, “Замандаш” ассоциациясынын координатору:
– Алгач биз кыздар эмнеге кор болуп жатат, ошонун себеби менен күрөшкөнүбүз оң. Аларды мамлекет жумуш менен камсыз кылып, үй-бүлөдөн тарбия берилсе. Интернет булактарына жайылган видеотасма тууралуу айта турган болсом, өздөрүн «патриот» атаган жигиттердин жасаганы – кылмыш. Кылмышкерлерди таап жазаласа болот жана ошол тасманы жайылтып жаткан сайтка чектөө киргизилиши керек деп ойлойм.


Ыргал Кадыралиева, ЖКнын депутаты:
– Чет өлкөдөгү кыздардын көбү өздөрүнүн укуктарын билишпейт. 22 жаштан улуу кыздарга гана чет өлкөгө чыгууга уруксат берилүүсү тууралуу мыйзам кабыл алынышына аракеттерди көрүүдөбүз. Менимче, кыздар бир кесиптин ээси болуп, андан соң гана чет өлкөгө чыгышса жакшы болмок. Анан кайсы өлкөгө кетип жатса, ошол өлкөнүн тилинен сынак алып жөнөтүш керек. Алар тил билбегендигинен жана жумушсуздуктан кор болушууда.


Куштарбек Айтматов, Тышкы миграция департаментинин жетекчиси:
– Биздин Тышкы миграция департаменти чет өлкөдөгү ар бир элчилик, консулдуктарда мигранттар менен иштөө боюнча бирден жооптуу кызматкер дайындоого жетишти. Алар мигранттарга кеп-кеңешин берип, тыгыз иш алып барышат. Мигранттар укугу бузулса ошол адамдарга же укук коргоочуларга кайрылышса болот. Ошондой эле департамент чет өлкөгө чыкканда укугу бузулбаш үчүн ушул жерден эле укуктук кеңештерди, маалыматтарды берип жатабыз.


Чубак ажы Жалилов, Кыргызстандын муфтийи:
– Ал кыздарды ыйманга чакырып жана өзүбүз да ыймандуу болуп, коргоп кала алабыз. Бир гана ушул жол бар, башка жол жок. Мыйзам чегинде айта турган болсом, көп аял алууга уруксат бериш керек. Ошондо байлар үч-төрттөн аял алышмак да, кыздардын чет өлкөгө кетүүсү азаймак. Кыргыз кыздары жумушсуздуктун айынан акча табам деп чет өлкөгө кетип жатышат.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Кыргыз кыздарын ур-токмокко алып тарбиялайбызбы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(388)
30.05.2012. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарыбызга ыйман берсин деп эле отурсак жыргабайбыз. Ыйман да жөн эле келбейт, ага да мээнет кылыш керек. Кыргызымдын ушу көп эле көйгөйлөргө кайдигер боло бергени жакпайт. Душманың келип Жети атаңды ашата сөгүп жатса деле унчукпай отура бересиң, эхх...
30.05.2012. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik.ekb. жалаптар деп сен эмне аларга свеча карамап турдун беле? бир нерсе суйлогондон алдын адам ойлонуп суйлойт кудайдан кичине корксон. ruslanbek.8686 айбандардан топ тузгончо бир пайдалуу иш кылышса болмок. Тарбиялап тим эле 30 эркек бир кызды, уят если 30 кыз бир эркекти тарбияласа бул башкача болмок. 30 эркек бир кызга кудай сакта. Ошо айбандардын деле карындаштары бар эжелери бар кудай бар кайтарып коет)))))))))) клубтарда самсырап жургончо иштеп семьяларын багышсын ушу пайдалуу иш.
30.05.2012. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироону тарбия бере турган алар кудай эмес. оздорун эже-карындаштарын тарбиялашсын.
30.05.2012. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Патриоттор алга, болгону калыс болгула. Түз жолдон чыгып, кыргыздын атын булгап, айткан акылды укпай, кыргыз жигиттерден башка улуттагыларды кыйын деп эсептеген башы айланган кыздарды ошентип гана ордуна койгула. Тажик менен сартты ичтен жактырып жүргөн башка кыздарга алдын ала эскертүү болсун! Ачка калса калсын, бирок улуттун намысын булгабасын бир да кыз. А эркектер тууралуу сөз башка.
30.05.2012. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер жыланачтабай туруп кадимкидей олтургузуп алып озулору да камерага тушуп ал кызды да Кыргыз элине уяткарып койсо соонун болмок анда чыныгы улутчул жигиттер делип Кыргыз тарыхында да айтылып калышынар мумкун эле бирок бул кылганынар ботон жерге барып алып озубузду озубу маскаралаган гана корунуш болуптур мындан эч кача тарбиялана албайбыз тескерисинче Кыргыз журтчулугуна коо жаап татасынар
30.05.2012. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Owentip tarbiyalagany oto ele ashykcha...birinchi soz menen anan mush menen....anda da bolboi atsa chechenderge okshop muuzdap ele salysh kerek...ozun da ata enesin da kyrgyz ulutunun abiyirin togup chachyp jurgon kyrgyzdyn keregi jok dep oiloim....bul menin jeke oyum.
30.05.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
россияда же айрыкча москвада болуп жаткан нерселер анык коргондо баарына ишенесин. видеону коруп бир жагы кызга да боорун ооруйт. эгер таджикти муштумдасан берки кыз башкасын таап алышы анык соз. суйуу дейсин кээбирлерин башка улут менен кошулуп жургондордун 80%тин алар таштап кетиши анык.... алардан тороп алып балдарын таштагандар да жок эмес. ал кыздарды убактылуу гана колдонуп атышат. ошол балдар билет алып ошол кыздарды кырг жиберишсе жакшы болмок.
30.05.2012. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындан ары жаш кыздарды чет жака жиберген ата энеси агалары да ойлоноор... ыймандан эн эле арттабыз кыргыздар.
30.05.2012. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin aytarim jalanachtaganinar tuura emes.birok al urganinar azdik kilat alarga.al kizdar potriyottordun algan tayag ewtemke emes biz al kizdardi ar bir korgonubuzdo owodon beter kiynalabiz azabka malinabiz .al kizdarga baari bir!allaga shugur iymanduularida bar birok kirgizdin mirzalarida kopko maskvada owol sarttar kilganin kirgiz jigitterin koludanda kelet!!!uyat uyalsanar bolmok kirgiz kizdari!!!!!!
31.05.2012. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассалому алейкум кыргыз калкым. Жогоруда айткан создорунорду угуп ооз кычышат экен, аттин деп. Биринер куноо кыздарда десенер биринер эркекте дагы биринер заман талабы дейсинер. Мен бул ситуацияда Патриотторду колдоор элем. Бул жерде кеп суйуудо же башка улуттун окулуно турмушка чыгууда эмес, намысы жок, тарбиясыз кыздардын озунун гана эмес кыргыз улутунун, кыргыз кыздарынын намысын, аброюн тебелеп тепсеп жатканында болуп жатат. Буларга болушкан айрым боорукер сооройлорго айтаар элем, боорунарды
31.05.2012. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын жигиттери канааттандыра албасанар кыздар анан кетет канааттандырган жака кететда. ошон учун жигитер нормальный болгула
31.05.2012. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elyadin, Адресинди айт,экобуз жолугушайлы андан кийин билесин Кыргыздын жигиттерин.
SUPER.KG видео
31.05.2012. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен он жылдан бери москвада иштеп келип жатам . биринчи келгенде бул жерде андай эмес эле . азыр болсо вообще кээ бир кыздарыбызда уят калбай калды не то что кыздар чоон эле аялдарда дагы . келип кыргызстанда куйоом бар деп ата энем туугандарым бар деп койушпайт . эч ким корбойт деп ар кимдердин астына жатып журушот . кичине какойто мелочь нерселерге алданышып журушот .тааныш таджик же армяндар айтышат эн эле доступный кыздар кыргыз кыздары дейт . аябай кыжырын келет .
31.05.2012. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patriottordun mintip kyzdardy jazalagany tuura,birok myn4alyk darajada emes da!Tuura ele kyzdar emes, kelinder da buzulup jatywat,al jakta KOI deer kojosu jok oz bilgenin jasap jatywat go menim4e.Birok kandai bolso adamdyn yimani boluwu kerek!
31.05.2012. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgysdyn kysdary kaalasa kaalabasa dagy ala kachylgandan kijin sorduktalyp kuoogo chygat!!! Anan oshondou kylgandar jonundo emne deising erkek katary? Al bisdin salt deisingbi? Men bul suroonu baardyk kyrgys erkekterine berip jatam. Ceht mamlekettegi elder gasetadan kyrgysdardyn ushul jindidei bolgon adaty jonundo okup kalyshsa: EMne kyrgysdyn erkekteri osdoru kysdar menen taanyshyp suiloshkongo aldary jetpeibi deo surashat. Anan bir nemis ajal menden ajabai takyp surap jatyp kaldy ala kachuu
31.05.2012. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jonundo. Anan men chyndygyn ayttym. Kys oturup kalysh uchun erkek bargan ele tunu sorduktap salat dedim. Anan kys ene atasyn ujat kylbain dep oturat dedim. Eesi oop jygylyp kala saktady tigil ajal. Ai oshol kairan sher erkekter Germanijada bolso turmodod gana chirishmekda!!!
31.05.2012. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baichechekei2011, Oshon uchun kyzdar korkup kachyp atat da Kyrgyz baldardan, sebebi ayaldardy akyrky planga koyushat. Urmattabayt, jyluu soz aitpait, tuugandarynyn mneniyesin ayalinikindan da jogoru koyot. Men Kancha jolu kordum semyalardin buzulganyn I sebep tolko erkekte bolchu. Azyr korkom kyrgyzga tiyishten fobiya bolup Kalgan Tuugandarymdyn,dostorumdun kyinalganyn kuyoosunun ayinan, ajyrashkandaryn korup. menin da turmushum osholordoy bolbosun dep. Mojet bashka kyzdar da Mendei korkottur.
31.05.2012. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tea23, иранда измен кылган аялды эл алдында таш менен урушуп жазалашкан дуйно жузу билет ошону туура кылышкан!!!!!!!!!!!! байчечек экооно норм бала насип кылбаган го ушинтип турсанар!!!!!!1
31.05.2012. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baichechekei2011, башын иштейби сенин же сени ошентип зордуктап койдубу????????
31.05.2012. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulukbekkg..., Ne v temu ele koment jazypsyn da okuchu jakshylap emne dep atkandy. Jakshy bala nasip kylbagan debey biz osho bashkalardyn turmushunan alyngan misaldardy keltirip atabyz. Aytyp ele otursam toltura menin en jakyn ejem, podrujkam, tayekemdin ayaldarynyn turmushtary oshentip ala kachyp alyp anan kordolup kalgandqryn korup jurom boorum ooruit. Oshogo kanday ulut bolbosun biri birin uilonoordon murun taanyshyp uilonush kerek. Kyrgyz erkekteri uvajat etishti bilbeyt kee birleri ayalyn.
31.05.2012. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видеону коруп алып, просто соз жок. Иттер натуральный. Ушу кантип болсун, ар бир адам Кудайдын алдында озунун куноосу учун жооп беришет. Булардын эч кандай акысы жок кыздарды минтип ур-токмокко алып, шерменде кылганга. Баардык адамдар Кудай алдында бирдей. Бул балдар "патриотпуз" деген созду бетине кармап алышып Оз кызыкчылыктары учун жазап жаткан иштери. Оорукчан, буларды мээсинен кеткен акылы кыска деп эле айтууга туура келет.
SUPER.KG видео
31.05.2012. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен деле россиянын бир шаарында иштеп журом угуп журом коруп журом куйоосунон мээримдуулук жылуулук корбогондор же ажырашкандар ушул ишке барып жатат биз эркектер бир аялды алып жакшылап багып кадырына жетсек мындай корунуш болбойт2
31.05.2012. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш кол тен эмес да. Москвага барып, бир жакшына эле иштеп келип аткандар толтура го. Бир карын майды бир кумалак чиритет деген ушу да...
31.05.2012. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапаргүл өзүн-өзү асып алыптыр деген маалыматтар айтылып жактан эле, ал адам тирүү экен, коомдогу мындай талкуудардан улам кайраттанганбы, Орусиянын башпрокуроруна арыз менен кайрылды. Өзүн кордогон жигиттерге карата чара көрүү өтүнүчү менен.
31.05.2012. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапаргүл күйөөсү менен ажырашып, эки баланы багуу үчүн аргасыздан Орусияга келгенин, бейтааныш жигиттер кафеде курбусу экөө отурганда "тажиктер менен отурасыңар" деп сүйрөп чыгып көрбөгөн корлукту көрсөткөнүн айтууда.
31.05.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми жакынкы күндөрү Андрей Малахов "кыргыздар ушинтип биринин этин бири жеп жатат" деп айтылуу "кир жуугуч" шоусуна алып чыкса да таң калбайм. Башкаларга күлкү эле болуп жатабыз.
SUPER.KG видео
31.05.2012. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам достор!Ал кыздар деле биздин жарандарыбыз да,озубуздун эле кыздарыбыз.Бирок мен оз козум менен коргон жокмун кыргыз кыздарын таджиктер менен жургонун.Биринчиден тарбиядан,экинчиден ошол кыздардын женил оцлуулугунда.Бул жакта кыргыздын жигиттери лох деп бири-бирибизге жаман соз айтпайлы.бул адамдын озунун акылынан коз каранды деп эсептейм.Акылы бар кыздар жакшынакай эле иштеп журушпойбу
31.05.2012. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончо "патриот" экен оз жерине келип олкосун бутуна тургузбайбы алдыгы катынпоздор, жаман сойкунун артынан ээрчип ким м-н жатканын андыбай. Дуйнонун бут олкол-нун кыздары сойкуланат, кимдин эрекектери оз элинин атын "сойку" деген созго синоним кылып дуйно жузуно жарыя кылып жатыптыр? Кыздардын бети жок, эркек-дин патриоттук намысы жок. Кыргыз деген созду "сойку", "мыкаачы", "тарбиясы жок" калк деген соз м-н тенеп. Ошентип дуйного тарбиян-ды, ыйман-ды корсоткуло. Револ-я м-н мактанып кыйраттынар
31.05.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тарбия берсе берсин алдыгы кыздарга, бирок эмнеге дуйнонун баарына жарыя кылат "биздин кыздар сойку, биз аларды тарбиялап жатабыз деп". Ошончо "патриот" экен акырын кылган ишин кыла бербейби инт-ке салбай. Иши жок Россияда темселеп алып "атын чыкпаса жер ортто болушат". Андан коро жакшы иши м-н элге таанылбайбы.
31.05.2012. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
патриоттор байдын балдары имиш,камчы колбайевдин балдары имиш деген соз калп,алар оздору ошентип камчынын балдарыбыз деп оздорунчо кыйын болуп алышкан.камчынын балдары антип кыздарга кол которушпойт,булар жалан иши жок кочодо калган балдар,эгер иштешсе кайдагы убакыт кыздарды андыганга.Ата энесин жыргатпай,же алган аялын жыргатпаган жалан бекерпоздордон куралган.бул балдардын арасында кыргызстанга 4 5жылдан бери барбай жургондор да бар биринин кеткенге акчасы жок.биринин паспортунун срогу бутко
01.06.2012. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatka19, мындай информация кайдан сенде?,
31.05.2012. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бутуп калган.анан кыздарды тарбияламыш болуп алардын кичине акчаларын алып жан багып журушот.эгер сапаргулдун олгону чын болсо эки баласынын убалы уктатпасын.булардын да эже карындаш кыздары бардыр ушунча адамдын каргышы оной эмес.
SUPER.KG видео
31.05.2012. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул турмуштан адашкан эже карындаштарым силерге айтарым жакшы жашоодон умутунорду узбогуло силерди бузган алып кайра таштап кеткен уят кылган зоокурлор эки дунуйодо тен тозокто журсун эч качан чокпогуло келгиле анда башты которуп бул жоруктарынарды таштагыла бул жашоодо жанылбас жаак болбойт акылды кудай баарыбызга тегиз берген ошонун жакшы жагын пайдалангыла баарынарга бакыт каалайм бугун карангы эртен жарык мындан кийин туз жургуло
31.05.2012. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде жаштар кыйналып жатат, экиден бир студен бир жака кетем, иштеп келем деп эле журот, Аз кундо Кыргызстанда байлар, бизнеси барлар, айылдагы чалдар, кемпирлер калат. Студентер беш жерге барса 100сом. Башкаларга салыштырмалы журок оорусу да кобойду Кыргызстанда
31.05.2012. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм... бул патриот болумуш болгон балдар кем акыл,келте ойлор... Кыргызда макал бар "арканды узууун ташта" деген. тереен ойлонуп туруп иш кылышса болмок...
31.05.2012. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wermende bolushuncha boldu... emi kanday bolot bilbeym... bliiin bul saparguldun videosun korgom tigi ainurasynykynda korgom... ekoo ten okwow... kanday oi maksat menen tartywkan ya? kanday juroktoru tooodoi nemeler ele... kuday taala emi alarga da korgozoorun korgozot..
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: