БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...
№499 25-май-31-май, 2012-ж.
ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА ТАРТЫЛАТ...
-
Иранда 14 адам контрабандалык иш менен алектенип жүргөндүгү үчүн
ДАРГА АСЫЛДЫ.

-
“Фейсбук” социалдык тармагынын түзүүчүсү МАРК ЦУКЕРБЕРГ кытай улутундагы Прицсилла Чанга үйлөндү.
-
Түркия өкмөтү сириялыктарды КҮРД СЕПАРАТИСТТЕРИН колдоп жаткандыгы үчүн күнөөлөп жатат.
-
Террорчу Усама бен Ладенди америкалык куралдуу күчкө таап бергендиги үчүн пакистандык дарыгер
30 ЖЫЛГА эркинен ажыратылды.

-
Тунистин экс-президенти ЗИН ЭЛЬ-АБИДИН БЕН АЛИ өлкөдөгү жаңжалдын айынан массалык өлүмдүн себепкери катары өлүм жазасына тартылат.
-
Казакстанда кыргызстандык ИЛБИРСТЕРДИН КӨЗҮНӨ жасалган операция ийгиликтүү өттү.
-
21-май күнү Йемендин борбору – Санада болгон
ТЕРАКТТЫК ЖАРДЫРУУДАН каза тапкандардын саны 96га жетти.

-
Украинанын экс-премьер-министри ЮЛИЯ ТИМОШЕНКОНУН үстүнөн кайрадан кылмыш иштери козголууда.
-
23-май күнү Ооганстанда 5 МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРИ белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткенин жергиликтүү басма сөз кызматы кабарлады.
- Америка Кошмо Штаттарында быйыл 6-НОЯБРЬ күнү президенттик шайлоо болуп өтөт.
Айдай Асанбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Принц келет деп куто берген болбойт,
Жакшы принцтер, жакшы кыздарга кетип калат. Бирок намыс деген нерсе бар да ээ? :-)