Жастин Бибер сүйлөшкөн кызы, ырчы Селена Гомес менен 27-май күнү кинотеатрлардын биринен чыгып баратканда аларды күйөрмандары жана папараццичилер күтүп турушкан. Жаш ырчынын жини өтө чукул белем, жакын келген папараццичини сабап салыптыр. Бирок полиция келгенче Селена экөө качып кеткен. Папараццичи ооруканага жеткирилип, Жастиндин үстүнөн арыз жазган.