КУУРЧАК ТЕАТРЫНАН БАЛДАРГА БЕЛЕК
№500 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
Муса Жангазиев атындагы Куурчак театры 30-май күнү 1-Июнь – Балдарды коргоо күнүнө арналган кайрымдуулук мааракесин өткөрдү. Балдарга арналып уюштурулган бул кайрымдуулук кечеге Токмок шаардык социалдык коргоо башкармалыгынан, Бишкек шаардык социалдык башкармалыгынан жана “Жаңыртуу” коомдук уюмунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 187 бала келип катышты. 45 мүнөттүк оюн-зооктордон соң балдарга таттуу ширелер бекер таратылып, театрдын чоң залында “Шайыр достор” балдар спектакли тартууланды. Бул мааракени театрдын кызматкерлери бир күндүк маянасын чогултуп каржылашыптыр.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0