Жапжаш жүргөн куудул эжекебиз кызы менен кошо маңдайы жарыла сүйүнүп турган чагы. Дегенибиз, кызы Айпери көз жарып, апасына таене статусун алып берсе, "уулдуу болдук" деген күйөө баласынын кубанычында чек жок. Ымыркайга Умар деген ысым ыйгарышты. "Неберем 23-майда 1 килограмм 790 грамм салмакта жарык дүйнөгө келди. 7 айлык болуп төрөлгөнүнө карабай учурда эне-бала дарыгерлердин көзөмөлүндө, ден соолуктары жакшы",- дейт Назира айым. Биз да Умарга ден соолук жана кыргыз элинин намысына жараган жигит болушун каалайбыз.