29-май күнү Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиевага Эл аралык “Манас руху – нарк-насил” фондусунун сыйлыгы тапшырылды. Аталган фонддун негиздөөчүсү Нуржан Касымбековдун айтымында, аял губернатор болсо да, эмгекчилдиги менен буга чейинкилерден айырмалана алды.
Бул сыйлык жана фонд 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесин белгилеп жаткан учурда уюшулуп, андан бери 70тен ашык адам фонддун сыйлыгынын лауреаты болгон. “Манас руху – нарк-насил” сыйлыгын буга чейин АКШнын экс-президенти Билл Клинтон, Түркиянын экс-президенти Сулейман Демирель, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева алган.