Токмок шаарынын айдоочулары, маршруттук парктын жетекчилери атайын жеңилдетүү алган жүргүнчүлөр үчүн жол кире акысын кымбаттатуу талабы менен митингге чыгышты. Бүгүнкү күндө жол кире акысы жеңилдик алган жүргүнчүлөргө 5 сомду түзөт. “Мегатранс” ЖЧКсынын өкүлү Жаныш Жаркынбаев билдиргендей, Токмок шаарында жүргүнчүлөрдүн көбү атайын жеңилдиктерди алышкан. Жаныш мырзанын айтымында, митингге чогулгандар Бишкек шаарындагыдай кылып бардык жүргүнчүлөргө 10 сомдон, 5 сомду пенсионерлерге гана калтырууну талап кылышкан. “Токмокто унаалар бат бузулат. Жолдор Ооганстандын жолдорунан жаман. Тапканыбыз тетиктерди сатып алуудан ашпай калып жатат”,- деп кошумчалады “Мегатранс” ЖЧКсынын өкүлү.