Баткен облусунда 24-май күнү Энелер күнү белгиленип, ага район, шаарлардан 200гө жакын энелер катышты. Алгач Баткен шаарындагы “Манас” комплексинде энелерге арналган концерттик кече уюшулуп, кийин кафеде сыйлуу тамак менен бирге “Энелер тынчтык үчүн” сынагы өткөрүлдү. Сынакка катышкан энелердин баарына облустун губернатору тарабынан баалуу белектер тапшырылып, комсомолдук, партиялык кызматтарда иштеген, “Кутман эне”, “Баатыр эне” төш белгилери бар апаларга өзгөчө сый көрсөтүлдү.