ТҮРКМӨНСТАНГА ТҮЗ КАТТАЙБЫЗ
№500 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
Премьер Өмүрбек Бабанов 29-30-май күндөрү Ашхабадда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммитине катышып келди. Өзүнүн иш сапарында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Өкмөт башчы Кыргызстанда Түркмөнстандын элчилигин ачууну сунуштап, сунуш Гурбангулы Бердымухамедов тарабынан колдоого алынды. Андан тышкары Кыргызстан менен Түркмөнстандын борбор шаарларынын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу боюнча бир пикирге келишти. Айтмакчы, үстүбүздөгү жылдын 23-августунда Бишкекте өтө турган түрк тилдүү мамлекет башчыларынын саммитине түркмөн лидеринин катыша тургандыгы күтүлүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Бул жерде Туркмонстан жонундо соз болуп жатат. Турция кайда, Туркмения кайда ???
Ушундай сабасыздар, абройду тушу руп атышат ар жакка барышып...