Футболчуларыбыз казактарга жеңилген күндүн эртеси Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Сарайында эрежесиз мушташтын вале тудо түрү боюнча Кыргызстан жана Казакстандын ортосунда командалык беттеш өттү. Ага эки өлкөдөн тогуздан тандалма мушкер келип, мыкты беттеш тартуулап беришти. Эрежесиз эр урушту сүйүүчүлөр Кобра, Монгол, Кылыч лакап аттуу мушкерлерибиздин мыкты беттештерине күбө болушту. Эки тараптуу тиреште жеңиш 5:4 эсебинде биз жакта калып, футболдогу жеңилүүнүн өчүн алып беришти. Чечүүчү беттеште Жумабек уулу Актилек 70 салмак категориясында боордоштордун Исилио Саламат аттуу мушкерин утуп, жеңишти биз жакка оодара алды. Калган салмак категорияларында жеңүүчүлөр төмөнкүлөр: Рахматжан Муратов (65, Кыргызстан), Рустам Мухатов (70, Казакстан), Ислам Дзадзиев (93, Казакстан), Төлөгөн Рахматберди уулу (77, Кыргызстан), Алексей Бадюков (80, Казакстан), Игорь Свирид (90, Казакстан), Кылыч Саркарбаев (+95, Кыргызстан).
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg
Суперчилер , оч алышты дегенинер жакбады, фудболчулардын артын мушкерлер жаап бермек беле? Кайра даярданып оздору женип келишсин! Ийгилик!
мына ушул жерден эле тамашоуна тема тандап алсан болот.рахмат силерге бар болгула ар дайым!!!!!