Өткөн саныбызда “Ушул кордукту көргөн акыркы кыз мен болоюн” деген аталыштагы макала жарык көргөн. Анда Фарида (аты-жөнү өзгөртүлгөн) аттуу келин эки жигиттен аёосуз зордук көргөнүн баяндап, соттордун адилетсиздигине нааразы болгонун айтып берген. Макала жарыкка чыккандан бери телефонубуз тынган жок. Окурмандар “күнөөлүүлөр жазасын алышсын, келинге жардам берели” деп тынчсызданып жатышат.
www.super.kg сайтыбыздын колдонучуулары да “өзүбүздүн кыздарыбызды өзүбүз кор тутабызбы? Кандай акмакчылык! Азыркы сотторго ишенич жок. Күнөөлүү балдарды таап, жазасын берүү керек, соттон адилеттик болбосо, өзүбүз жазалайлы” деген пикирлерди жаадырышууда. Коомчулуктун мындай реакциясынан соң ошол өкүмдү токуган сот акебиз ойлонот болду бекен?
кыргыз балдарын коп жамандабагыла озбек менен тажик балдар силерге куйбойт чын ош окуясында байкадым кыздарды биринчи олтуруп киришпедиби
КЫРГЫЗ тилдүү сайт экенин эскерткениңизге Рахмат! Орус тилдүү ырларды которгонду билбегендиктен, рифма сакталыш үчүн жазгам. Ар бир сайттын колдонуучусу мени туурабай эле, өз башы менен ойлонуп жазаттыр деп ишенем.