НАРЫНДЫН МЭРИНЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
№501 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
УКМК Нарын шаарынын мэри
Баатырбек Жээналиевге "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп кылмыш ишин козгоду. УКМК билдиргендей, ал тиешелүү тендер өткөрбөй, жергиликтүү Кеңеш менен макулдашпай туруп коммерциялык компаниялардын бири берген 1 миллион 395 миң сомду нан бышыруучу жайдын жабдуусун алууга сарптап жиберген.
“Бул нан бышыруучу мекеме Баатырбек Жээналиевдин жеке кыймылсыз мүлкүнүн базасында түзүлүп, кийинчерээк анын оңдоо иштерине 254 миң сом бюджеттик каражат берилген”,- деп билдирет УКМК.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0