Кыздарды күч колдонуп ала качкан жарандарга жазаны күчөтүп, аларды 10 жылга эркинен ажыратуу демилгеси Жогорку Кеңеште көтөрүлүп жатат. Депутат Айнуру Алтыбаева: “Мурда турмушка чыгууга мажбурлоо анча оор эмес кылмыш болуп саналса, жаңы мыйзам долбоору боюнча, адамды уурдоо катары оор кылмыштын түрүнө кирип калат”,- дейт. Депутат көпчүлүк ала качуу жолу менен турмушка чыккан кыздар сотко кайрылышпай турганын, мисалы, 2007-2009-жылдар аралыгында сотко 71 гана кылмыш иши келгенин кошумчалады.
Эл өкүлү Курмантай Абдиев ала качкандарды 10 эмес, 7 жылга соттоо туура болорун айтты. Бул мыйзамдын терс жагын айтып чыккан депутат Надира Нарматова болду. “Эгер бул мыйзамды кабыл алсак, айрым жигиттер күнөөсүз эле жоопко тартылып калышы мүмкүн. Турмуш курууну көздөгөн жаштардын келечегине коркунуч жаратышыбыз да ыктымал. Ошондой эле кызы көп үй-бүлөлөргө зыян алып келип коёбуз”,- деди эл өкүлү.
Мен тушунбодум, ала качканда кыздын ата энесине кабар берилеби? Же алып барып эле жата калабы? Жата калса анда бул зордуктоонун эле бир туру.
Менин досторум кобу эле ала качып уйлонушту, бирок эки жактан тен макул болгондо нике окулган. Бул жерде эч кандай 10 жылдын кереги жок. Бактылуу жашап жатышат.
Анда жаштарыбыз кантет?
боштондукка чыккандан кийинки жашоосу кандай болот?
Ал жаны турмуш баштайм дегенинен ошол ишти кылат болуш керек. Алакачып эле бактылуу жашап келе жатат баары. Кана азыркы жаштардын суйушуп анан жашап кеткени жоротго жарымынан кобу жарым жыл жашабай ажырашып.
:-) талаш тартыш маселе. Ала качып да бактылуу жашагандар коп, ажырашкандар да аз эмес.
Жигит чанганы да бар, убакыт отуп кара далы болгондо, ала качса экен деген ойлор пайда болот. Эх кыздар , кыздар!
Бир аз ой жугуртуу негизинен жакшы нерсе да. Ала качууга эркинен ажыратса, анда адам олтуруу кандай болот?
Чын эле, тажиктер озбектер менен баары бир туболук эмес да, алып качбаса , ал кыз менен эч ким суйлошбойт. Шору куруйт да, ала качып аларды,