Кара каш жигит Курал Чокоев өлкөбүздөгү Кыргыз радиосу өткөргөн “Таланттар таймашы” сынагында өзүнүн атаандаштарын артта калтырып, 1-орунду жеңип алды. Жалаң искусство адамдарынан турган серепчилер атаандаштарынын ичинен Куралдын талантын баалашып, биринчиликти ыйгарышыптыр.
Негизи, таймаш 2011-жылдын октябрь айында башталып, баскыч болуп жүрүп отуруп, июнь айынын башында жыйынтыкталып отурат. 4-июнь күнү катышуучулар элге финалдык гала-концерт берүүгө да жетишишти.