Алина Жетигенованын кызы Азель 5-июнь күнү көз жарды. Ырчы эжекебиз ал кезде Орусияда жүргөндүктөн, неберелүү болгонун телефон аркылуу угуп, эртеси учуп келиптир. Наристени Азелдин кайнатасы, "Жаш кыял" бий ансамблинин негиздөөчүсү Жаныбек Чилетиров Жан деп атаганын уктук. Эже-сиңди болгон Жетигеновалар таене деген статуска ээ болушуп, маңдайы жарыла сүйүнүп жүргөн кездери.
Айбек Карымовго да Гүланда ошол күнү, ошол эле төрөт үйүндө балканактай уул төрөп бериптир. "
Уулум өкүл атабыз Молдомуса Конгантиевдей чыныгы эркек болсун деп анын ысымын ыйгардык",- деп Айбек мырза кубанычы менен бөлүштү.
A Aibektin uulunun boosu bek bolsun birok, atasyn tartyp katynpoz bolbosun deit elem..