Каныкейге май айында Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы “Кызыл Лента” жаштар коому тарабынан ыктыярдуу элчи болууга сунуш түшкөн болчу. “Мен үчүн, биринчиден, бул өтө чоң сыймык жана жоопкерчиликтүү милдет. Баарын ойлонуп, жумуш графигимди карап көрүп, макулдугумду бердим. "Жашоо бар, жашаш керек!" деген девизим аркылуу мени тандап алышса керек”,- дейт ырчы кыз. Азыр 14-июнда Киев шаарында өтүүчү конференцияга даярданып жаткан экен.
Ошентип, Каныкей Кыргызстан жаштарын дени сак, сергек жашоого үндөмөкчү.
Ийгилик.