Гезитибиздин негиздөөчүсү Кылычбек Султановдун ар жыл сайын үлгүлүү кызматкерге унаа белек кылуу эстафетасы башкы редакторубуз Шаиста Шатмановага жетип келди. Маданияттын мыкты кызматкери, кесиптешибиз Шаиста Шатманованын алган ак түстүү, өзүнө куп жарашкан темир аргымагы зуулдап, жакшылыктарда гана кызмат кылып жүрө берсин. “Машинаңыздын дөңгөлөгүнөн жел шуулдап өтүп, бул ийгиликтин башаты гана болсун” деп учурда кубанычын бөлүшүп, куттук айтып бүтпөй жаткан чагыбыз.
Кылыч байкеге, мыкты жетекчи экенине суктанып гана коесун, чиркин.
Саламатсызбы! Шаиста Шатманова жөнүндө төмөнкү шилтеме аркылуу кирип окусаңыздар болот.
http://www.super.kg/article/?article=15901
Бут жетекчилер эле Кылычбек Султановдой болсо гана.......