КАТУУ ШАМАЛ 5 КАБАТТУУ ҮЙДҮН ЧАТЫРЫН УЧУРУП КЕТТИ
№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
10-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кечки саат 23:00 чамасында катуу шамалдан Туманов көчөсүндөгү 5 кабаттуу үйдүн чатыры учуп, үйдүн жанында токтоп турган 3 жеңил машинаны басып калды. Белгилей кетсек, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрди түзгөн. Бактыга жараша, жабыр тарткандар болгон жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0