Ысык-Көлгө кыргызстандыктар эле эмес, көптөгөн чет өлкөлүктөр суктанары турган иш. Көлдөгү курорттук зонада 191 курорт, санаторий бар. Алардын 163ү Чолпон-Ата шаарынын аймагында жайгашкан. Эс алуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн да эмгектенүү талап кылынат. Өткөн жылы көптөгөн адамдар эс алып кетишти. Бул жылы да былтыркыдан кем келбейт деген божомол бар. Ошончо адамдын бейпилчилигин сактоо, чынында, оңой иш эмес. Ысык-Көл облустук ИИБдин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, бул үчүн быйыл милициянын 200дөн ашык кызматкери жана коомдук бирикмелердин 500гө жакын өкүлдөрү ишке тартылат. Милиция академиясынын офицерлери жана курсанттары да бейпилдикти сактоого жардамдашышат.