Үстүбүздөгү жылдын 14-майында Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Каракол шаарынын 10-класстагы окуучусу Жыпар (каармандын аты өзгөртүлгөн) аттуу кыздын ата-энеси арыз менен кайрылышкан.
Арызда окуя төмөнкүдөй сүрөттөлгөн:
13-майдан 14-майга караган түнү болжол менен түнкү саат экилер чамасында Жыпар тааныш жигити менен кичирайондо көчөдө сүйлөшүп отурган болот. Ошол кезде азиат түспөлүндөгү 4 жигит келип, себепсиз эле баланы сабап киришет. Эс-учун жоготуп, кулап калган анын чөнтөгүнөн 600 сом акчасын, уюлдук телефонун алган соң жаш кызды күч менен автоунаага салып жөнөшөт. Ак-Суу районунун Маман айылынын чет жакасына барган соң кызды зордуктап, караңгы талаага жалгыз таштап кете беришкен.
Бул факты боюнча Ак-Суу ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө тобу түзүлөт. Июнь айынын баш ченинде аталган кылмышка Азат аттуу баланын тиешеси бар экендиги жөнүндө маалымат түшөт. Ал 13-майдын түнүндө машинасы менен Караколдо жүргөндүгү да маалым болот. Ушундай маалыматтардан улам милиция кызматкерлери кылмышка шектүү деп Түп районунун Маяк айылынын тургуну, 1983-жылы төрөлгөн А.А. аттуу жигитти колго түшүрүшөт. Суракта ал бул кылмышка 3 досу менен барып, жаш кызды зордукташканын мойнуна алат. Ал эми калган 3 жигит кылмыш кылгандан кийин облустун аймагынан чыгып кетишкени маалым болот.
Учурда качып кеткендерди тузакка илүү боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.
суйуу деп коет. :-)