Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЭМИ ИШЕНИМ КАГАЗЫ МЕНЕН МАШИНА АЙДАЙ АЛБАЙБЫЗ

№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.


Өкмөт айдоочунун ишеним кагазын милдеттүү документтердин тизмесинен алып салуу жана автоунааны кайра каттоонун төлөмдүк пайызын азайтуу тууралуу токтом токугандан тарта коомчулукта түркүн суроолор жаралды. Автоунаа ээлери “мындай токтом, болгону, элдин капчыгын соруу” деп баа беришүүдө. Ал эми өкмөт транспорт тармагын иретке келтирүү жана салыктан качкандардын санын азайтуу үчүн токулган токтом экенин билдирүүдө. Кимиси туура?

ӨКМӨТТҮН ТОКТОМУ
Өкмөттүн 28-майда чыккан №329-токтомунун негизинде автоунааны кайра каттоого төлөнүүчү чыгым 5 пайыздан 1 пайызга чейин төмөндөтүлүп, айдоо үчүн берилүүчү ишеним кагазы милдеттүү документтердин катарынан чыгарылды. Аталган токтом 11-июндан тарта күчүнө киргизилип, өкмөт башчы тиешелүү органдарга кайра каттоого кеткен убакытты 15 мүнөттөн ашпасын деген тапшырма берди.

“ТУУРА ЭМЕС МААЛЫМАТ КЕТИП КАЛДЫ”
Токтом чыкканы толук кандуу маалымат берилбей калгандыктан, коомчулукта түркүн суроолор жаралууда. Ошондуктан автоунаа ээлерин кызыктырган бир катар суроолорду топтоп, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин каттоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Нурали Пакировго кайрылып, суроолорду узаттык.

– Ишеним кагазы боюнча чыккан токтомго токтоло кетсеңиз?
– Коомчулукта суроолордун пайда болушуна маалыматтын туура эмес өңүттө тарап кеткендиги себеп. Токтомго ылайык, айдоо үчүн берилүүчү ишеним кагазы гана милдеттүү документтердин катарынан чыгарылды. Ал эми генералдык ишеним кагазы ошол бойдон эле калтырылат. Нотариалдык конторалар мурдагыдай эле тартипте иштеп жатышат.

– Генералдык ишеним кагазы менен жүргөндөр автоунааны өзүнө жол-жобосу менен каттата алабы?
– Генералдык ишеним кагазы менен жүргөн адам автоунааны өзүнө-өзү каттата албайт. Мыйзамда ал алып-сатууга гана уруксат берүүчү кагаз. Генералдык ишеним кагазынын негизиндеги унааны каттоодон өткөрүүгө техникалык паспорттогу ээсин таап келиши керек. Эгер ээсин таппаса каттай албайбыз. Бирок автоунаанын мурдагы ээси чет мамлекетке көчүп кетип, аны табууга мүмкүнчүлүк болбосо, анда сот аркылуу такталган аныктамалар боюнча чечимге карап иш кылабыз. Жакындарынын бирине да каттатып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Генералдык ишеним кагазын жоготуп жиберген учурда да ушундай көрүнүшкө туш болуусу мүмкүн. Андыктан автоунааны ээлери өзүнө каттатышы керек.
Кошумча жагдайлар да бар. Мисалы, автоунаанын ээси каза болуп калган дейли. Ушундай учурда анын балдары же аялы "унааны саткандыгы тууралуу маалыматыбыз жок, акчасын да көргөн эмеспиз" деп чыгышы мүмкүн. Ошондо алар сотко кайрылып, соттошууга туура келип калат.

– Автоунаанын катталган жери менен анын ээсинин катталган жери эки башка жакта болсо кандай болот?
– Автоунаа Бишкекте катталып, ал эми ээси башка облуста катталган болсо, анда алгач катталган жерден унааны каттоодон чыгарып, облуска каттатуу керек.

– Каттатууга канча каражат талап кылынат?
– Кайра каттатуудан алынуучу 5 пайыз азыр 1 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Мурда 5000 сом болсо, азыр 1000 сом болуп калды деген туура эмес. Унаанын чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, тибине, өндүргөн өлкөсүнө жана базардагы орточо баасына карап 1 пайыздык тарифтик торчо түзүлөт. Ошондуктан ар бир машиненин өзүнчө баасы болот. Мисалы, учурда престиждүү болуп жаткан 2012-жылы чыккан Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунааны алсак, мурда 5 пайызы 79 миң сом болсо, азыр 1 пайызы 18 миң сомду түзүп калды. Ал эми чет мамлекеттен келген автоунаалар мурдагыдай эле 5 пайыздык салыкты төлөшөт. 1 пайыздык төлөм Кыргызстанда катталган унааларга гана тиешелүү.
Өзүбүздүн эле 2107 үлгүсүндөгү Жигулинин 5 пайыздык төлөмү 2000 сом болсо, эми 1 пайыздык төлөмү 400 сомду түзүп калды. Эми каттоого кеткен жалпы чыгымды карап көрөлү:
1 пайыздык төлөм – 400 сом
Техпаспорт – 590 сомдун тегереги
Мамлекеттик номер – 690 сомдун тегереги
Арыз – 75 сом
Жалпысынан каттоо үчүн 1755 сом сарпталат. Мурдагы баа менен эсептегенде каттоого 3351,66 сом талап кылынмак.

– Автоунаа ээлери башка бир адамга автоунаасын берүүдө кандай болот?
– Эми техпаспорт жана салыктын дүмүрчөгү менен башка бир адамга айдоого берүүгө болот. Бирок жол эрежеси бузулган учурда айыпты айдоочу эмес, автоунаанын ээси тартат.

15 МҮНӨТ – ЖОМОК
15 мүнөт ичинде кайра каттоону уюштурууну тапшырган өкмөт башчынын сөзү аткарылып жатабы же кезек күтүп чарчагандардын саны арбып кеттиби деп Бишкек шаарынын каттоо-сынак бөлүмүнө баш бактык. Кезек күткөндөр көп экен. "1 сааттан бери жүрөм" дегендер болду. 15 мүнөт болбой кайра каттоонун убактысы созулуп кеткендиги боюнча анда иштеген башкы адис Кубат Айтакуновдон төмөндөгүчө жооп алдык:
– Өкмөт башчы тарабынан каттоого 15 мүнөт кете турган болсун дегени бар. Бирок бул иштин жүрүшүнө жараша болуп жатат. Каттоодон чыгаруу жана отургузуу боюнча 15 мүнөткө жетпеген убакыт кетет. Мындан сырткары унааны текшерүү деген бар. Анын кыймылдаткычы, түсү документи менен дал келеби, уурдалган эмеспи деген сыяктуу иштер бар. Ээси жок болсо, каттоого болбойт. Себеби эртеңки күнү ээси чыгып чыр салышы мүмкүн. Мунун баары убакытты алат.

ЖАҢЫ СХЕМА КИМГЕ ПАЙДАЛУУ?
Автоунаа ээлеринеби?
Кайра каттоо үчүн мисал катары 2005-жылы Японияда өндүрүлгөн кыймылдаткычынын көлөмү 2400 сантиметр куб жана баасы 8000 доллар болгон Хонда Одиссейди алып көрөлү.
1 пайыздык төлөмү – 3200 сом (каттоо кызматы тарабынан бекитилген тарифтик торчосунун негизинде)
Техпаспорт – 590 сом
Мамлекеттик номер – 690 сом
Арыз – 75 сом
Жалпы: 4555 сомдун тегерегинде сарпталат.
Эгер Бишкекте каттооңуз жок болсо, автоунааны туруктуу жашаган дарегиңизге каттатууга туура келет. Бул үчүн жолго кетүүчү каражат да кошулат. Мисалы, Талас шаарына каттатуу керек болсо, ал жерге баруу үчүн 297 чакырым аралыкты басып өтүү керек. Жогорудагы унаа 100 чакырымга 9,5-10 литр бензин ичет. Демек, 30 литрдей май (бул 1140 сом) керектелет. Салыгы төлөнө элек болсо, 1800 сом кетет (чыгарылган жылына жараша). Ошондо жалпысынан алганда 7495 сомдун тегерегиндеги акча сарпталат.

Өкмөткөбү?
Мындай схема унаасын тез-тез алмаштырган жарандарыбыз үчүн бир топ түйшүктү жаратары, каражатты талап кылары көрүнүп турат. Экинчи жагынан өкмөттүн токтому чечилбей келген транспорттук көзөмөлдү жөнгө салып, салыктын эсебинен мамлекеттин казынасына бир топ каражат алып келет. Өкмөттүн маалыматы боюнча, 2011-жылы 225 миң ишеним кагазы катталса, каттоодон 46 миң автоунаа гана өткөн. Алардан түшкөн жалпы төлөм
450 миллион сомду түзгөн. "Токтомдун негизинде салыктан түшкөн сумманын саны дагы 90 миллионго чейин жетиши күтүлүүдө" дешет өкмөт өкүлдөрү. Себеби айып пул жол эрежесин бузган же салыгы төлөнбөгөн унаанын айдоочусуна эмес, анын ээсине салынары айтылып өттү. Муну менен кыймылдуу мүлккө болгон жоопкерчилик күчөтүлүп, аны сатуучу сатып алып жаткан адамга сөзсүз каттатууну талап кылууга түртөт.

Ал эми токтомдун артынан курсагын кампайтчулар да жок эмес
Өкмөттүн бул токтомунун арты менен капчыгын кампайтууга кызыкдар адамдар, фирмалар бар. Мисалы, учурда техникалык паспортту жана мамлекеттик номерди бир гана жеке менчик “Атлас Крипт” ЖЧКсы жасап жатат экен. Ал эми өкмөттүн өкүлдөрү аталган жеке менчик фирманын чыгарган продукциясынын сапаты мыкты деп мактап жатышат. Өкмөттө жөндөн жөн эле мактай беришпейт. Демек, бул фирманын артында бир чоң чиновниктин же кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар.


«Супердин» сурак бурчу

ӨКМӨТ АЙДООЧУЛУК ИШЕНИМ КАГАЗЫ БОЮНЧА ЖАҢЫ ТОКТОМ ЧЫГАРДЫ. УШУЛ ЧЕЧИМ ТУУРАБЫ?



Нурбек Сапаралиев, айдоочу:
– Жаңы токтом, менимче, туура эмес. Мисалы, Ошто жашаган адамдын унаасы Бишкекте катталган болсо, аны каттоодон чыгарып кетиши керек болот. Андан сырткары техпаспорт, унаанын номерине кайра төлөш керек. Мурдагы эле мыйзам боюнча калтырса болмок.


Орозалы Анапияев, айдоочу:
– Кайра каттатуу такыр туура эмес. Жаңы токтом акча жыйнаштын амалы болсо керек. Техпаспорт, номер дегендерди саталбай жатат да. Элге оор болуп калат. 1000 сомго каттоо кылат дегени жөн гана сөз. Мындан сырткары салыктар бар. Биз үчүн эч кандай пайдасы жок.



Мирбек Турдумамат уулу, айдоочу:
– Каяктан акча жешти билбей, автоунаага тийишип жатышат. Азыр эмне көп, автоунаа көп. Ар бир унааны каттоодон өткөрүшсө, канча деген каражат түшүп жатат. Биз деле жүргүнчүлөрдү ташып жатканда акча жейбиз да. Азыр баары акча жештин амалын кылышат.


Табылды Акеров, серепчи:
– Арзандатылганы жана жоопкерчиликтин күчөтүлгөнү элге жакшы. Бирок өкмөт салыктын эсебинен казынаны толтуруп, иштеп жаткандыгын көрсөтүүгө гана тырышууда. Кыскасы, бул токтом өкмөттүн өмүрүн узартуу үчүн жасап жаткан кадамы.



Турат Акимов, серепчи:
– Мында документтерди жасаган фирма пайда табат. Анан да Өмүрбек Бабанов мамлекеттик казынага кайдан акча табарын билбей, ушундай токтом кабыл алды. Өкмөт муну менен жол кырсыгы азайып, транспорт тармагында тартип орнойт дейт. Мен буга ишенбейм.


Аттокур Долуев, айдоочу:
– Учурда 3 жылга берилген генералдык ишеним кагазы менен эле жүрөм. Дагы узартууга кеткен акчаны каттатууга сарптасам туура го дейм. Менчигим болгондон кийин өзүмө каттатып алганым оң да.




Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg



Эми ишеним кагаз менен машина айдай албайбыз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(55)
SUPER.KG видео
16.06.2012. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy jakwy Dovernosty alyp jiberse oldyk
SUPER.KG видео
16.06.2012. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
элдерге бир гана супер-инфо куйбосо башка эчким куйбойт го.
SUPER.KG видео
17.06.2012. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул эле жетишпей жатты эле!!!!Башка жазаарга токтом калбай калгансып!!!! Мурун 6 мин сом болсо эми 1000сом болот дегенге ишенбейм. 1000 сомго эч качан бутпойт оформление, азыркыдай эле 7-8минге жетип калса керек.
SUPER.KG видео
18.06.2012. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ушунун эмне кереги бар эле? Айдоочуларды да жон коюшпайт экенда.Бул бир чиновниктин эле Бизнеси!Ушинтип элди кыйнайбергилечи акыры эмне болот экенсинер.
SUPER.KG видео
18.06.2012. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Озум чет жакта журом Кыргызстанда иним менин машинамды генеральный доверенность менен айдап журот эми кандай болуп калат? иним налог толоп озуно тех паспорт алса,анан мен барганда кандай болот мен дагы налог толоймбу? Ошентип 1 машинага 2тех паспорт болуп калабы? Тушунбодумда.
18.06.2012. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы кайактагыны башташты бул чондор эми ушудан жебесе жебей эле койбойбу эми ушуну ойлонуп чыгышыптырда
18.06.2012. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айла жок эмне кылаарын билбей чыгарган оюн да ойноп коргуло да
18.06.2012. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди тононоонун дагы бир жолу.Мындан башка алардын колунан эмне келет ?эч нерсе.Эртенки куну абагада салык ойлоп табышбаса болгону бюджетти толтуруу амалында.
18.06.2012. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Эгер Бишкекте каттооңуз жок болсо, автоунааны туруктуу жашаган дарегиңизге каттатууга туура келет. Бул үчүн жолго кетүүчү каражат да кошулат. Мисалы, Талас шаарына каттатуу керек болсо, ал жерге баруу үчүн 297 чакырым аралыкты басып өтүү керек. Жогорудагы унаа 100 чакырымга 9,5-10 литр бензин ичет. Демек, 30 литрдей май (бул 1140 сом) керектелет. Салыгы төлөнө элек болсо, 1800 сом кетет (чыгарылган ж
18.06.2012. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдагы элди кыйноонун дагы бир амалы да.Жакында адамдардын арык семизине карата кандайдыр бир документ чыгарышбаса эле болгону.
18.06.2012. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин чондор эч бир кыргызстандын онугуусу учун бирдеме ойлоп табышпадыда эччч...кайдагы : желекти озгортобуз,шаардын атын озгортуш керек..ушул сыяктуу
18.06.2012. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаны табуу үчүн булактарды таппай дагы эле Баягы бакиевдердин адатына өтүштү алас соткага асылса булар чонураак машинага асылып жатышат............
мындай абал менен кете беришсе дагы бир чон ынкылап болот...........
Эл азыр билет......
18.06.2012. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасыңар баарыңар. Мен силерге толук кошулам. Бул методду отмывания деңги деп койот. Эптеп акча табуунун жолу... Эл азыр баарын көрүп билип туру... Жакшылыкка жетиш кыйын болуп калды го ыя? Биздин чоңдор чоң болбой эле бар болгулачы.
18.06.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кайсы жактан жеп тойбой эми ушул транспорт калган окшойт жырныйрак ушул жерден да жеп калышсын ооз тийип анан коробуз кайра эки айдан кийин дагы башка закон , токтом деп башташат булар окнуктурбой эле койра куурата турган болуштуго биздин аран турган элди .
18.06.2012. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тигинде жазылган Хонда Одиссей машинасын борборго жакын Таласты мисал кылбай алыскы Баткен Лейлек райондорун мисал кылганда кантет эле? ал жактагы карапайым калктын да озунун эле жеринен эмес Ош Бишкек шаарларынан авто унаа сатып алуусу талашсыз нерсе, а бул чыгым бул жазылгандарга эки эсе коп кетет болчу эгер ошол эле машинаны алып корсок ((((( менимче бул токтомду ушуларды эске алуу менен бир аз женилдетилген жободо жана мамлекетке да пайдалуу кылып иштеп чыкканда жакшы болоор эле ....
18.06.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакпады бул (((((((((((((((((
18.06.2012. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бабанов билесиго бирок айтпайсын







18.06.2012. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элден дагы акча жештин мыйзамын чыгарыптыр, эмне элдер акчасы ашып жатыптырбы эч жерде иштебесе. оштон бишкекке, бишкектен ошко каттап коттоодон чыгарып журобу калк. 10 жыл мурун саткан ээсин издеп, аны соттон откоруш керек экен. сотто иштегендер да бир ийкемдуу болуп иш кылып берсе.
18.06.2012. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен толугу менен колдойм бул законду. Бул жерде окмот жеп жатат деген туура эмес. Нотариустар алып жаткан акчаны эле буждетке буруп жатышат. Жакшы жагы уй булодо бир машинаны 3 4 киши айдагандар бар. Алардын ар бирине Дов жаздырыштын кереги жок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: