ОТОРБАЕВ АР БИРИНЕ ТАЗА СУУ ЖЕТКИРМЕЙИН ТЫНЧЫБАЙТ
№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
Вице-премьер
Жоомарт Оторбаев:
“21-кылымда биздин жарандардын 60 пайызынын гана таза суу менен камсыздалганы уят! Биз “Таза суу” долбоорунун кетирген катачылыктарын изилдеп, бардык мыйзам бузуулар боюнча укук коргоо органдарына кайрылышыбыз керек”,- деди. Андан ары Жоомарт мырза июндун аягында өкмөт суу менен камсыз кылуу жана санитариянын стратегиясы боюнча жыйын өткөрөрүн айтты.
“Калкты таза суу менен камсыздоо маселеси – өкмөт үчүн башкы маселе. Андыктан өлкөнүн ар бир тургунуна таза суу жеткирмейинче биз тынчыбайбыз”,- деп сөз берди Оторбаев. Макул, күтөбүз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0