Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери "каракчылыкка жана зордуктоого тиешеси бар" деп шектелген Аламүдүн районунун 28 жаштагы М.Б. аттуу тургунун колго түшүрүштү. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынын билдиришинче, 2012-жылдын 19-май күнү таңкы саат бештерде Октябрь айылынын 26 жаштагы тургунунун үйүнө бет капчан 2 адам кирип келген. Алар үйдүн кожойкесин тапанча такап коркутуп, акчаларын жана кымбат баалуу буюмдарын алып, анысы аз келгенсип зордукташып, изин жашырышкан. Жабырлануучу жалпысынан 238 500 сомго чыгым болгон.
Бул факт боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө амалдары жүрүп, аңгинин шеригин кармоого аракеттер жүрүп жатат.