КӨК-ЖАР КОНУШУНУН ТУРГУНДАРЫНЫН ТАЛАПТАРЫ ЭМДИГИЧЕ АТКАРЫЛА ЭЛЕК
№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушунун тургундары нааразычылык акциясын дале улантышууда. Чогулган эл аймактагы бир гектардан ашык жердеги бак-дарактарды кыйып үйлөрдү курууну токтоону талап кылып жатышат. Көк-Жардын тургундары Бишкек шаардык бийликти "жер жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамдарды бузуп, коррупциялык аракеттерди токтотпой жатат" деп айыпташууда. Бирок шаардык архитектуранын өкүлдөрү буга эч кандай комментарий беришкен жок. Эске салсак, акция 6-июнь күнү башталган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0