Милицияга 22-майда түнкү саат экилерде белгисиз адамдар үйгө кирип тоноп кетишкени тууралуу арыз менен Ысык-Ата районунун Милянфан айылынын 56 жаштагы тургуну кайрылган. Үй ээлерине бет капчан 4 адам күч колдонуп уюлдук телефонун, бермет, кораллдан куралган шурусун жана 2 килограмм күмүш тыйындарын алып кетишкен.
Чүй ОИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, жакында Чүй ОИИБинин жана Ысык-Ата РИИБинин милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү 4 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.