АЙДООЧУ, АБАЙЛА!
№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
2012-жылдын 10-июнунда Панфилов-Кайыңды багытында бараткан БМВ-525 автоунаасынын айдоочусу К.Т. рулду башкара албай жол жээгиндеги бакты сүзүп алган. Окуя түнкү саат экилер чамасында болгон.
Жыйынтыгында 28 жаштагы Панфилов айылынын тургуну болгон айдоочу жана анын 6 жүргүнчүсү (баары Жайылма айылынын тургундары) ар түрдүү жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилди. Жол кырсыгынын келип чыгышы иликтенүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0