КАРТОШКА КАЛДЫРКАНЫН ЧЫГАРУУЧУ ЗАВОД АЧЫЛДЫ
№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
Таласта картошка калдырканын (чипсы) чыгаруучу завод ушул аптада ишке кирди. Заводдун виртуалдык ачылышы Кыргызстандын Дипломатиялык академиясында “Биринчи Индия-Борбор Азиялык диалог” илимий-практикалык конференциясында өттү. Чипсы заводун куруу иштери Кыргызстан менен Индия мамлекеттеринин ортосундагы келишимден соң башталган эле. Ачылышка Индиянын Тышкы иштер министри Ахамед Едаппакатх, экс-президент Роза Отунбаева жана Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Дина Кемелова катышышты.
Ишке кирген заводдун өндүрүш кубаттуулугу суткасына 2 тонна чипсы чыгарууга эсептелинген. “Биз үчүн эң маанилүүсү – жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылуу жана экономикалык абалдын жакшыруусуна жардамы тие тургандыгы”,- дейт Ахамед Едаппакатх.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0