«Таласта эч бир эс алуучу жай жок, жаштар үчүн эмне ачсак?» деп ойлонуп жүрүп, бир жылдан бери үй-бүлөсү менен акча чогулткан Алтынай жана Уулжан Жаныбековалар «Тотон ата» роллер клубун ачышты.
“Клубду ачуу максатыбыз, биринчиден, бизнес катары каражат таап, жашоо-шартыбызды оңдоо. Экинчиден, Таласта жаштар үчүн эс алуучу жай жок болгондуктан, ролик тебүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү болду. Буга көп каражат топтодук, бизге окшогон карапайым үй-бүлө үчүн аябай эле оор экен. Ал эми эс алууга муктаж болгон эл бири-биринен угуп эле келе баштады. Өзгөчө мектеп окуучулары арбын. Майрам күндөрү эл аябай эле көп. Катардагы күндөрү 50дөй адам келет. Келгендерге ролик тебүүнүн ыкмасын өзүбүз көрсөтүп берип жатабыз”,- дейт Алтынай.
Насипа Анарбекова