КУДАЙ ДЕГЕН НУРИЗАНЫ НЕГЕ ЧЕЧИНТИШТИ?
№503 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
Шахмат
Ысык-Көл шахмат боюнча Борбордук Азия мамлекеттеринин кубогу үчүн мелдештерди кабыл алууда. Чемпион аныктала элек. Антсе да шахматчы Нуриза Оторбаевага калыстар жасаган одоно мамилени айтпай коё албадык.
Бул чыр жоолук салынып, ыйман жолунда жүргөн шахматчы кыз Нуризанын кийимине байланыштуу. Өзбек жана тажик шахматчыларын уткан Нуризанын 3-атаандашы “жоолуктун астында жайгашкан электрондук каражат менен ага жардамдашышууда” дейт. Калыстар Нуризанын кийимдерин дааратканада чечтирип, “кыргызча” текшерип, эч нерсе таппай коюшат. Моралдык сокку жеген Нуриза калыстардын суранганына карабай үйүн көздөй баса берген. Азырынча сотко кайрыла элек. Акылдуулардын оюну – шахматта да акылсыздык катталат экен.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
6
Атак учун чечинип салыш керек эмес,атак данктын арты эрктуулук жана намыстуулук болуп жатпайбы,минтип оюн деп чечинте беришсе ишенишпей анда эртен башкасын дагы кылышы ыктымал.Андыктан эже-карындаштар абийирди сактагыла атак учун абройунарды бироонун астында тушурбогуло,бардыгы ушул жоолукту чечкенден башталып жатат,жолугунду чечкенден кийин калганы
maashalah azamatsyz