БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...
№503 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
ӨКМӨТКӨ ИШЕНБЕГЕН ДЕПУТАТТАР ЧЫКТЫ...
-
Өлкөбүздө балдар үйүндө тарбияланып жаткан ар бир жыйырманчы баланын ТУУЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮГҮ жок экенин "Менин үй-бүлөм" коомдук фонду маалымдады.
-
Ушул аптага карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 15 МИЛЛИАРД 775 МИЛЛИОН метр кубду түздү.
-
Глобалдык фонд кургак учукту дарылоого бөлүнгөн 700 МИҢ ДОЛЛАРДЫ максатсыз колдонулган деп, аны Кыргызстандын өкмөтүнөн кайтарып берүүнү талап кылууда.
-
Иса Өмүркулов Каржы министрлиги Бишкектеги жолду оңдоо иштерине БИР ДА ТЫЙЫН БӨЛБӨЙ ЖАТКАНЫН билдирди.
-
КМШ өлкөлөрүн ичинен газдын баасы бир гана Кыргызстанда жогору экенин (1000 м3 – 224 ДОЛЛАР) "Кыргызгаз" билдирди.
-
Токмок шаарындагы "ИНТЕР-ГЛАСС" АЙНЕК ЗАВОДУ 3 жылдан кийин кайра өз ишин уланта баштады. Биринчи айнек куюу аземине президент Алмазбек Атамбаев катышты.
-
Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаарынын бюджети казинолордун жабылуусуна байланыштуу 120 МИЛЛИОН СОМГО кем чыгып калганын "Жаштар жаңы кадр саясаты үчүн" кыймылынын мүчөсү Евгений Кортовский билдирди.
- 2012-жылдын аягына чейин Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдүн унаа жолдорунда ВИДЕОКАМЕРАЛАР ОРНОТУЛАРЫН өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов маалымдады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0