«КЫЗ-БУРАК» ФЕСТИВАЛГА БАРАТ
№503 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
Кыргыздын кызгалдактай кыздарынан турган “Кыз-Бурак” тобу Орусиянын Красноярск шаарына сапар тартууга камынууда. Бул ирет 28-июндан 5-июлга чейин боло турчу Тынч океан жана Азия өлкөлөрүнүн 3-музыкалык фестивалына катышмакчы. Фестивалга жалпысынан 31 өлкө катышат. “Бул мааракеге биз эки айдан бери даярданып келебиз. Буюрса, кыргыздын намысын коргойбуз деп турабыз”,- деди топтун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0