Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, ички иштер бөлүмүнө Ак-Суу районунун жашоочусу кайрылып, Каракол шаарынын тургуну М.А. өз үйүнөн күч колдонуп 1999-жылы туулган бир тууган карындашы Ч.К. аттуу кызды зордуктаганы тууралуу билдирген. Иштин чоо-жайын иликтөөдө бир туугандардын ата-энеси ажырашып кеткенине көп убакыт болгондугу билинген. Ал кезде 13 жаштагы жабырлануучу энесинин курсагындагы ымыркай эле. Турмуштун оор кырдаалынан улам ата-энеси ажырашкан бир туугандар ар башка үйдө, ар башка чөйрөдө чоңоюшкан. Карындашы эс тартып, чоңойгон соң агасынын Каракол шаарында жашап жатканын угуп, тууганчылык мамиле куруу үчүн келген. Ал эми агасы жаман оюн ишке ашырып, карындашын зордуктап салган. Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
керек.Ага окшогон петухтарды абактагы зектер кыздарга жологус кылып тарбиялап коёт.