БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...
№504 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
МИГРАНТТАР 5 АЙДА 690 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КОТОРУШТУ...
- Жогорку Кеңеш СОТТОРДУ ТАНДОО КЕҢЕШИНЕ 4 талапкердин үчөөсүн бекитти.
-
Бишкек шаарында журналист ГЕННАДИЙ ПАВЛЮКТУН уурдалып кеткен эстелиги "Ала-Тоо" конушундагы үйлөрдүн биринен талкаланган түрүндө табылды.
-
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Гүлниза Бейшенбаева өз эрки менен мандатын тапшырып, анын ордун САЯДУЛЛО НЫШАНОВ толуктады.
-
Жатак үйлөрдө турган жаш балдардын тамак-ашына бөлүнүүчү төлөмдүн көлөмү 50 ПАЙЫЗГА ЖОГОРУЛААРЫН Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Гүлнара Дербишева билдирди.
-
7 томдон турган КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ жакын арада жазылып чыкмакчы. Ага 5 миллион сомду депутат Алтынбек Сулайманов бөлүп берди.
-
29-июндан баштап АЛМАТЫ-ТАМЧЫ-АЛМАТЫ аба каттамы жүрө баштайт.
-
Ош окуясында дайынсыз жоголгондордун жакындары 1 МИЛЛИОН СОМДОН компенсация алып бүтүштү.
-
Кытайдын жогорку окуу жайларынын ректорлору жакында Кыргызстанга БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА кызматташууга иш сапарлары менен келишет.
-
Кыргыз мигранттары 5 айдын ичинде Кыргызстанга 690 МИЛЛИОН ДОЛЛАР жөнөтүшкөн.
-
Польшанын ишкерлери Кыргызстанда жылына 5-8 МИҢ УНАА чыгаруучу автозавод куруп берүүгө даяр экенин билдиришти.
-
ТОҢ РАЙОНУНДАГЫ каптаган суудан улам үй канаттуулары жана 50дөн ашык мал кырылды.
- Казакстан мажилисинин төмөнкү палатасы кыргызстандык жарандардын 5 күн ичинде каттоодон өтүп, 90 КҮНГӨ ЧЕЙИНКИ жүрө турган макулдашууга расмий түрдө кол койду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1
бул соз да жон гана, мындайлардын далайы айтылды го