КЫРГЫЗ ШОУ ДҮЙНӨСҮНӨН БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...
№504 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
АНЖЕЛИКА – АКТРИСА...
-
Режиссёр СҮЙҮН ОТКЕЕВ “Сен эмне кылмаксың?” аттуу тасма тартуунун алдында турат. Тасмада ырчы АНЖЕЛИКА жана "Эксклюзив" командасында ойногон казак "тамашоучусу" ДАНИЯР роль жаратышат.
-
Ырчы МАЛИК АЛИКЕЕВДИН Кытайда концерт берүүсү күтүлүүдө.
-
БАЙЫШ МОМУНОВ Кадыралы Артыковдун “Барам сага” деген ырын жаңыча жаздырып, аранжировка жасатып жаткан кези.
-
ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ 16-июль өзүнүн жана 22-июль апасынын туулган күнүн Ысык-Көлдө тосууга даярданып жатат.
-
АСКАТ МУСАБЕКОВ МЕНЕН ЗАЛИНА КАСЫМОВА “Кел, бийлейли, ырдайлы” аттуу ырына клип тарттырышат.
- “НОН-СТОП” дуэти Алматы шаарынын мэриясынын чакыруусу менен бүтүрүүчүлөргө арналган чоң масштабдагы концертке катышып келишти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
3