25-июнь күнү “Тамашоудогу” “No name” командасынын капитаны Мурат Жалиев кыздуу болду. Бул боюнча “No name`деги” Кадыр “маңдайында жылдызы жанган, өзүнө окшош “ка-апкара” кыздуу болду” деп сүйүнчүлөдү. Кубанычы коюнуна батпай жаткан Мурат кызына Малика деген ысым ыйгарып, достору менен наристелүү болуу бактысын жууп жүргөн чагы. Не дейбиз, “No name`дин” “запчасттары” көбөйө берсин!