"Көк салкын” тасмасынан улам таанылып калган жаш актриса Кымбат Асизова эки жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигити, клипмейкер Эрнист Сыдыковго 21-июнь күнү турмушка чыкты. Татына жүздүү актрисаны кыргыздын салты менен колдон алып кетишкен. Нарындын кызы Кымбат Ноокатка келин болгондуктан, учурда күндө эртең менен короо шыпырып кайын журтун кубандырып жаткан убагы. Буюрса, Эрнист менен Кымбаттын заманбап тоюна сентябрь айында күбө болот экенбиз. Бактылуу болгула, Эрнист жана Кымбат!
Же Саратан киносундагы молдого окшош керекпи. Келин деген эрте туруп уй жайнаш керек.
Iwenbesen ozundo da synap kor,eger tan erte turuw koludan kelse... Tak gtn janet oinop suilosonda oinop suilogun!
Karmawkan kolunar tubolukko birge bolsun!