Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ИНТЕЛЛИГЕНТ КАЙЫРЧЫ

№334 27-март-2-апрель, 2009-ж.


Күн сайын шаарыбыздын Совет көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен өтүп баратканда кайыр сурап турган жаш жигитти көрүп, жүрөгүм сыздай түшөт. Жигиттин тагдыры кызыктырып, жанына барып таанышып, аты Бектурсун экенин билдим. Каарманым өтө кыйналып сүйлөсө да, маектешүүдөн баш тарткан жок.

“Ата-энемди күнөөлөйм...”

– Бектурсун, бул тагдырга кантип туш болдуң же бир кокустук болду беле?
– Мен өзүм Өзгөндүн Кызыл-Дыйкан айылынан болом. 1984-жылы төрөлгөм. Үйбүлөдө 3 биртууганбыз. Артур аттуу иним жана Наргиза аттуу карындашым бар. Биртуугандарымдын ичинен мен ушинтип оорулуу болуп төрөлүп калыптырмын. Мурун “Жараткандын жазасыбы?” деп ойлочу элем. Кийин ойлосом, ата-энемдин күнөөсү экен. Атам эле ичсе бир жөн. Апам да мен боюнда экенинде аракты көп ичиптир. Апам менин оорулуу болуп төрөлгөнүмдү көрүп, чоң энеме түртө салыптыр. Байкуш чоң энем азабымды тартып, чоңойтту. Кеч да басыптырмын. Мен курдуу балдар буту-бутуна тийбей чуркап, чимирик ойноп жүрүшкөнүн көрүп жаман болчумун. Ал кезде менин мындай тагдырыма ким күнөөлүү экенин деле аңдачу эмесмин да. Ошентип, бала чактан баштап эле оор үшкүрүк менен чоңойдум. 1-класска кирип, балдар өңдүү эле окуйм го дегем. Бирок мени Жалал-Абаддагы интернатка өткөзүп салышты. 1 жыл ал жерде жашадым. Чоң энем кургурдун жүрөгү буга чыдап карап тура алган жок окшойт, мени кайра алып келип алды. Ошентип, билим алуудан да четтеп калдым. Чоң энеме колумдан келген үй оокаттарын жасап жардам берчүмүн. Майыптыктан улам бир нерсени жакшы кармай албайм. Муундарым калчылдап, колумдун эби келбейт. Муну көрүп чоң апам эч нерсе деле жасаткысы келчү эмес. Антсе да мен бекерпоздукту абдан жаман көргөндүктөн, аракет кылып, азыркыга чейин колуман келгенин жасап келем.
– Доктурлар жардам бере алышкан жокпу?
– Оорума доктурлар алсыздык кылышты. Чоң энемдин алып барбаган жери калган жок. «Мен кыйынмын» деген бакшыларга да көрсөттү. Эч кандай жылыш болгон жок. Акырында чоң энем да тагдырдын жазганына баш ийди окшойт, жөн койду. Мен да доктурларга кайрылгым келбейт. Бук болуп, башым зыңылдап ооруй баштаганда ысык көк чай ичип, өзүмдү алдайм. Буга ишенип алганмынбы, айтор, көк чай ичсем оорум басаңдап калат.

“Тырмагымды алганы үчүн акчамды уурдап...”

– Атам менен апам 1994-жылы ажырашып кетишти. Мына ошондон тарта атамдын ичкени да күчөдү. Бул жерге келип кайырчы болуу оюмда жок болчу. Бирок атамдын ичип алып эле мени сабаганы жаныма батып кетти. «Мейли, атам да» деп алгач чыдап жүрдүм. Кийин ансыз деле оорукчан жаным таякка чыдай албай калдым. Мен деле темир эмесмин да. Байкуш чоң энем чырылдап “качып кетчи, балам” деп болушат. Же мен кача алсамчы, буттарым шалактап кайда бармак элем? Ичип алса эле жинин менден чыгарчу. Атамдын ата болгонунан да кечип, “кайырчы болсом да жан багам” деген ой менен 1999-жылы март айларынын ортосунда Бишкекке качып келгем. Бул жакка келгенде жатар жерим жок эле. Алгач «Ош» базарында кечке кайыр сурап, анан түнкүсүн коробкаларды төшөнүп жатып жүрдүм. “Жазгы суук жандан өтөт” дегендей, калчылдаганыман ооруп тура албай калсам да, таң атары менен басууга аракет кылчумун. Жаан-чачын болуп калган күнү шорум шорподой эле кайначу. Астымдан өткөн суу жанымды кейитип, көзүмдүн жашы токточу эмес. Анан бир күнү Турбазага барып калдым. Ошондон баштап кичине оңоло баштадым. Күнүмдүк тапканым наныма жете баштады. Турбазадан бутума турдум десем жаңылбайм. Анан акырындап эң арзан батирге жетчүдөй акча таап калдым. Бир жолу Мунара деген айым мага боору оорудубу, «жүрү, биздикине жаша» деп калды. Аныкында жашап жүрдүм. Ага башында эле “мен бекер жашабайм, акчасын төлөйм” деп айткам. Тапканымды тамак-аштан башка эч нерсеге кетирбей, батир акчасын да топтогонго алым жетип калды. Батирден ашкан акчамды чоң энеме салып жиберейин деп чогултчумун. Муну Мунара эле билчү. Акчам 20 миңге жетип калганда таппай калдым. Менин эптеп чогулткан акчамды Мунара эле алганын билдим да, анын үйүнөн чыгып кеттим. Бирок мен ага деле таарынбайм. Балким, ал менин тырмагымды алып бергени үчүн алгандыр. Анткени мен тырмактарымды өзүм ала албайм. Бирок сураса деле бермекмин. Андан кеткенден кийин Айзада деген эженин үйүнө батирге чыктым. Эжеге абдан ыраазымын. Мен анын үйүндө батирде турсам да кийим-кечегимди жууп, тамак жасап коёт. Азыр ошол жердемин.

“Ааламда айкөл адамдар көп”

– Айына батирге канча төлөйсүң?
– 1000 сом берем.
– Мынча акчаны таппай калган күндөрүң болду беле?
– Кышында бир топ кыйналгам. Айрыкча былтыр абдан суук болду го. Суукта муундарым жакшы иштебей калат. Айла жок, өзүмдү өзүм бакпасам, анан ким карамак эле? Көпчүлүк маршрутка айдоочулар мени таанышат. Сунган колумду суутушпайт. Кээде жолубуз бир болсо, таксисттер үйгө жеткизип коюшат. Муну бир таксист көргөнбү, айтор, «сен калп эле анткорлоносуң, такси менен жүрөсүң го?» деп мени сөгүп жатпайбы. Мындайлар көп эле болот. Кээ бир кычыраган машина мингендер шылдың кылгансып, айрык акча берип кетишет. Кээ бирөө жөн кетпей сөгүп өтүшөт. Ошентсе да боорукер адамдардан куру эмеспиз. Бир жолу бирөө колума 100 доллар карматып өтүп кетти. Биринчи «тамашалап, жасалма акча берип койсо керек» деп ишенген жокмун. Кийин текшертип көрсөм, чын эле акча экен. Сүйүнгөнүмдөн өзүмө костюм сатып алдым да, калганын батирге төлөдүм. Негизи, мен спорттук кийимди жана жыртык кийим кийгенди жаман көрөм. Интеллигент адамдардай болуп жүргөндү жактырам. Маршруткага түшүп калсам, сөзсүз акчасын төлөйм. Анткени алар деле мага окшоп акча табуу максатында иштеп жатышпайбы.
– Биртуугандарың, ата-энең менен байланышып турасыңбы?
– Жыйырма төрт жылдан бери бир жолу «балам» деп койбогон апамдын мага кереги жок. «Балам» деп боор тартып койбогону аз келгенсип, биртуугандарымды да менден алыстатып, таптакыр жолоткусу келбейт. Албетте, мен биртуугандарым Артур менен Наргизаны тапкым келет. Аларды издеп телеге да кайрылгам. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Алар азыр Орусияда иштеп жүрүшкөн имиш.
– Бишкекке келгени айылга бара элексиңби?
– 2007-жылы атам кайтыш болуп кеткенде бардым. Таң кала турган нерсе, биртуугандарым келген жок. Ошондо мен апамдын таптакыр эле Артур менен Наргизаны туугандар менен катыштыргысы келбегенин сездим. Жакында айылга чоң энеме барып келейин деп жатам, абдан сагындым.
– Чоң атаң тууралуу таптакыр кеп кылган жоксуң...
– Чоң атам эрте эле кайтыш болуп кетиптир. Мен жакшы билбей калдым.
– Бул жашоодо ар бир адамдын өкүнбөгөн нерсеси болбойт эмеспи...
– Билим ала албай калганыма абдан өкүнөм. Менин бир нерсени бат үйрөнүп кетүүгө шыгым бар. Мисалы, компьютерди жакшы көрөм. Жакында интернетти колдонгонду үйрөнүп алдым. Уюлдук телефонду колдонгонду да жакшы билем. Бир жолу англис тилин үйрөнөйүн деп курска жазылганы барсам, албай коюшту. Анткени ал жерде жазыш керек экен. Мен жаза албайм да, колдорум эпке келбейт. Ошентсе да сүйлөгөндү үйрөнгөнгө аракет кылып жатам. Кээ бир сөздөрдү билип алдым. Бала чагымдан бери эле юрист болууну самачумун. Буга жете албасыма кээде көзүм жетсе да, кыялымда максат коё берем. Башында айтып кетпедимби, интеллигент болгонду жактырам деп. Ошол себептен ар дайым өзүмдү таза алып жүргөнгө аракеттенем. Менин «Бета Гурметте» досторум көп. Барып өз көзүң менен көрүп кел(маектешимдин каалоосу боюнча “Бета Гурметке” барып, ал жерден Назира аттуу кыз менен маектешип калдык).
– Назира, Бектурсунду көптөн бери билесиңби?
– 5 жыл болуп калды. Жакшы доспуз. Колдон келген жардамыбызды берип турабыз. Жакшылыгыңды унутпайт. Бир жолу майрамда гүлүн көтөрүп келиптир. Баарыбыз ушунчалык ыраазы болдук. Учурда Бектурсунга биртуугандай мамиле жасайм. Мен эле эмес, бул жерде иштегендердин баары эле ушундай мамиле кылышат.
Ушуларды сүйлөшүп тепкич менен ылдый түшүп баратсак, Бектурсун: “Мен бул жерде иштеген бир кызды жактырам, бирок сезимимди билдиргенден тартынам”, - деп кошумчалай кетти.
Кайгыга кайрымдуулук күч берип, тагдырдын татаал жолунда жашап келе жаткан бул жигитке Кудайым күч-кубат берип, биртуугандары менен табышып, мындан ары бактылуу өмүр сүрүшүн каалап кетмекчибиз.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg



Интеллигент кайырчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(58)
12.12.2010. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bektur,saga men choon bakyt,jetishkendikterdi kaalaim!Ooruba!Kudaiym seni menen,duinodo jakshy adamdar bar ekenin unutpa.Bektur menen kantip bailanysha alsam bolot?Az da bolso jardamymdy bergim kelet.Evropalyk jerdeshin.
SUPER.KG видео
19.03.2012. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш озу майып болсо, эптеп кайры сурап акча топтоп койсо, анан шумурай катын кантип уурдаганга колу барды?
SUPER.KG видео
19.03.2012. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asamat ! Araket kylcan bereket degen 4yn.
SUPER.KG видео
19.03.2012. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанды кейитет экен. Кээ бир алдуу-кучтуу ден соолугу чын эркектер деле уялбай кайыр сурап журушот тапкандарын ичип коюп. Бектурсун азаматсын! Баа бердим.Бар бол тилеген тилегине жет.
SUPER.KG видео
19.03.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман журогум ооруп ыйлагым келди. Молодец! Кыйын бала экен !
SUPER.KG видео
19.03.2012. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын дени соо эркектерден мин эсе жогору турасын, мындан ары да ишине ийгилик каалайм!!!
SUPER.KG видео
19.03.2012. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаратканым берип турсун!!! адамгерчиликтуу, боорукер, ыймандуу жигит экен. жашоосунда жалан гана жакшылык болсо экен...
SUPER.KG видео
19.03.2012. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кем дуйно! Аллахым бизге ушунда адамдарды сабак болсун деп жаратат экен достор, карагыла Алты саны аман жигиттер кылмыш кылып соттолуп журот! Азаматсын! журогум ооруп кетти. Бактысына жакшы жар берсин Аллахым.
SUPER.KG видео
19.03.2012. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым жакшылыгын аябасын! Баары жакшы болот!!!!! Дени карды соо туруп, кудайга наалат айтып, кайра-кайра чондорго кайрылгандарга сабак болсо экен!
SUPER.KG видео
19.03.2012. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иним азаматсын кудай сураганыны берет дейт кайгырбагын алдыга умтула бер ийгилик сага бактылуу бол кудай озу колдосун АЗАМАТСЫН!
SUPER.KG видео
19.03.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен мындайларды кинодо гана кезиктирууго болот деп ишенчуумун,турмушта ушундай,корунушу майып болгону менен жан дуйносу таза,бийик,ден-соолугу бутун айбандардан бир мынча бийик адам бар экени,жараткандын керемети да! улгу алсак болот,ден-соолугубуз соо туруп,адал тамак таап жегенден намыстанып,уурулук менен,сойкулука баш оодарбай...
SUPER.KG видео
19.03.2012. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сени колдосун! азаматсын, журогум ооруп кетти
SUPER.KG видео
19.03.2012. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bilimi jok bolso da uwun4alik dengeeldegi adam bolso bolot turbayby
SUPER.KG видео
19.03.2012. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bar bolsun!Baktyluu bolsun!!
SUPER.KG видео
19.03.2012. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, Аллах озу жар болсун дейт беле... Ийгилик
SUPER.KG видео
19.03.2012. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn,Kudai degen kur kalbait. Talykbai emgektene ber.Seni uurdap tonogon,shyldyndagandardy Kudai ozu jazalait eki-ese kylyp. Bar bol!!!
SUPER.KG видео
19.03.2012. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat bala, eldin baary ele taniyt, anan mintip ozu biznes achip jatkani ayabay kubandirdi. Butu kolu soo turup ech nerse kilbai, araka berilip je jamash ishterge berilgen baldar kancha. Bul bala bolso bashkalardai bolboso dagy ushuncha araketine tan kaldim, azamat oilogon oi maksattarina jete ber!
SUPER.KG видео
19.03.2012. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииииииииииииий Байкуш ииииииий!!! АЛЛАГА тобо кылгыла((((((((
20.03.2012. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектур менен кайдай байланышалабыз?
21.10.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziyatka, советский/кулатовада кээде ахунбаева/советскийде турат.бат эле табасын
SUPER.KG видео
20.03.2012. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahym ozyndy koldop kilgan ishindin berekesin nurun berse eken dep tileibiz ...
SUPER.KG видео
20.03.2012. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Бексултан
SUPER.KG видео
20.03.2012. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы адам экен! Мындан ары да адам деген ыйык созго ээ болуп журо бер. Ден-соолугун чын болсун! Бегимай тушунуктуу кыз экен, ушунундан жазба. Ишинерге ийгилик!
SUPER.KG видео
20.03.2012. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сюжетте алпаруучунун үнү туура. Мунканып окуп Бектурсундун жашоосун ачып берип жатат. Бир жакпаган жери болду албетте, ачыгын айтып коюш керек. Анжеликага алпаруучу сиз деп сүйлөп жатпайбы а Бектурсунга келгенде сен деп кайрылыптыр. Менимче Анжеликага караганда Бектурсундун жашы улуу болсо керек. Бул менен мен катуу сын айтпай элемин, болгону сен деген сенек соз, сиз деген сылык соз, аны адамдын мансабына жараша атабайт дегим келген.
SUPER.KG видео
20.03.2012. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай ден соолук, омур, бакыт берсин, ылайым. Жакшы иш баштаптыр, майыптыгына карабай... Эмне дейбиз башка, ишин онунан болсун!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: