ЖЕССИКА СИМПСОН КЫЗЫН КӨРСӨТТҮ
№504 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
Ырчы жана дизайнер Жессика Симпсон май айынын башында кыздуу болгондон бери наристесин коомчулукка көрсөтө элек болчу. 31 жаштагы Симпсон жакында өзүнүн интернеттеги баракчасына кызы Максвелл Дрю Жонсондун сүрөтүн жүктөдү. Ырчынын кызынын сүрөтүнө жакшы сындар айтылып жаткан мезгил. Айта кетсек, Симпсон кош бойлуу кезинде 20 килограммга толуп, сүйүктүүсү Эрик Жонсон экөөнүн боло турган үйлөнүү тоюн жылдырган. Учурда диетага отуруп, арыктоо менен алек.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0