Өткөн аптада Токмок шаарында вале-тудо боюнча Кыргызстандын Биринчилиги өткөрүлдү. Ага Ош, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан атайын командалар чакырылып, 9 салмак категориясында айыгышкан беттештер жүрдү. Жыйынтыгында командалык эсепте алдыңкы 2-орунга озуп чыккан команда сыйлыкка ээ болду. 1-орун Бишкек шаарынын “Лига” командасына ыйгарылса, 2-орунду Оштон келген “Озгур” командасы ээледи. Бишкекте өткөн мелдештерден кем калышпаган мындай мелдештер аймактарда да спорттун өсүшүнө түрткү берет деген ойдобуз.