Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МУГАЛИМДЕРДИН НАНЫН КОШО ТАЛАША ЖЕГЕНДЕР КИМ?

№505 6-июль-12-июль, 2012-ж.


Редакциябызга кимдер гана кайрылбайт, зордук көргөн кыз-келиндер, баласын жоготкон ата-энелер, акыйкаттык издегендер, бийликке ызырынгандар же жөн эле таанышкысы келгендер... Бул сапар да окурмандарыбыздын бири, борбордогу мектепте иштеген мугалим өз арыз-арманы менен кайрылып калды.

«АЙЛЫГЫБЫЗ БАРГАН САЙЫН АЗАЙЫП БАРАТ»
Бизге телефон чалган мугалим Бишкек шаарындагы орто мектептердин биринде сабак берерин, акыркы учурда айлыгынын эсебинен себепсиз эле 200-300 сомдон кармалып жаткандыгын айтып баштады:
– Мугалимдердин маянасын жогорулатышы жогорулатып беришкен болчу. Эми минтип үч-төрт айдан бери айлыгыбызды толук ала албай жатабыз. «Эмнеге?» деп сурасаң, «жогору жактан ушинтип келип жатат» деп ийин куушурушат. Кыйраткан деле акча албасак, анан ак эмгегибиз менен тапканыбызды толук бербей жатышса, жаның кашаят экен!

– Балким, мындай көрүнүш бир эле сиз иштеген мектепте болуп жаткандыр?
– Жок. Шаардын башка мектептеринде тааныш кесиптештерим бар. Алар деле ошентип жатышат.
Силер журналист эмессиңерби, жогору жактагылардан сурап бергилечи. Эмне, биздин айлыкты кайра кыскартып салыштыбы же ортодон эле бирөө жеп жатабы? Өзүбүз эле кимдир бирөөгө арызданайын дейбиз, бирок жумуштан айдап жиберет. Араң таап жаткан наныбыздан айрылуудан коркобуз,- деп күйүп-быша сүйлөгөн мугалим ысымын, иштеген мектебин жашыруун калтырууну өтүндү.

«КАЛГАНЫН СУРАСАҢ, БАЛЭЭГЕ КАЛДЫҢ»
200-300 сом кимдир бирөөгө аздыр, бирок миңдеген мугалимдердикин кошо келсең, чоң акча чыга келет эмеспи... Андыктан дароо эле казып-иликтөөгө кириштик. Адегенде Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарындагы кабарчыларыбыз аркылуу аталган аймактагы мугалимдерге «айлыгыңызды толук эле алып жатасызбы?» деген суроолор менен кайрылып баштадык. Жооп берген агай-эжейлердин жарымынан көбү «үч-төрт айдан бери айлыгыбызды 200-300 сомго азыраак алып жатабыз» деген сөздү кайталап жатышты. Биринчи чалган мугалимдин сөзүнөн кийин шектенүүбүз чындыкка коошо баштады. «Демек, республика боюнча системдүү түрдө мугалимдерге айлыкты толугу менен бербей жатышабы?» деген суроо пайда болду.
Атүгүл Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу мектептердин биринде бир мугалим менен директор дал ушул айлыктын толук берилбей жаткандыгына байланыштуу соттошуп жатканын уктук.
Ал эми Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын агай-эжейлери маянасынан 500 сомго чейин эч кандай себеби жок кармаларын айтып, бирок ар бирине банк эсеби ачылып калгандан бери толук алып калышканын айтышкан. «Акчабызды эмне үчүн толук бербей жатасыңар?» деп айтуудан чочулайбыз, анда эле балээге калдың» деп жооп беришкен караколдук мугалимдер.

«ЖОГОРУЛАДЫБЫ, АЛ КАЙРА АЗАЙБАЙТ»
Аймактардагы абал менен таанышкан соң Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына кайрылдык. Алар мугалимдердин маянасынын маселеси менен аталган министрлик алектенбей тургандыгын, бирок Бишкек шаарында иштеген агай-эжейлер үчүн Бишкектин мэриясы, ал эми калгандары боюнча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жооп берерин билдирди.
Андан ары Каржы министрлигинин басма сөз кызматына жөнүбүздү түшүндүрсөк: «Жок, айлык жогорулагандан кийин, ал кайра азайбайт. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары «айлыкка баланча сом керек» деген кагазын жөнөтүп, кийин ошол сумма республикалык бюджеттен берилет. Которулган акча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан мектептердин ортосунда бөлүштүрүлөт. Силер айткан маселе бул – ошол жер-жерлердин өзүндө орун алып жаткан окуялар болсо керек»,- деп жооп берди.

«ТАЛАП КЫЛУУНУ ҮЙРӨНҮҮ КЕРЕК»
Каржы министрлигинин Бюджеттер аралык мамиле башкармалыгынын башчысы Зоотбек Кыдыралиевди кыска кепке тарттык:
– Мугалимдер айлыгынан акча кармап башташканын, ага жогору жак айыптуу экенин айтышууда. Чындап эле ушундайбы?
– Бизде акча бөлүп берүү автоматташтырылган. Сиз айтып жаткан маалымат айыл өкмөтү менен мектептин ортосундагы же мектеп директорлорунун иши болсо керек. Директорлордун арасында 20 жылдан бери иштеп келе жаткандары бар. Он жылдан ашуун бир жерде иштеген адам «баарын мен чечем, баарын мен билем» деп калат эмеспи. Бул көрүнүш системдүү түрдө эмес.

– Анда мындай жорукка кабылып жаткан мугалимдер кандай кадамга бара алат?
– Мугалим – билим берген адам. Анонимдүүлүккө жамынбай, бизге деле жазышсын. Кайсы мектепте болуп жатканын билбей туруп, кантип чара көрөбүз? Эгерде кайрылышса, мындан жыйынтык чыгарууга даярбыз.

– Мугалимдерге банкта эсеп ачылып, ошого айлык жөнөтүлө баштаптыр. Бул иш-чара кандай жолго коюлган?
– Азырынча шаардык мугалимдерге гана банктык эсеп ачылды. Айылдарда банкоматтар жоктугуна байланыштуу кичине кармалууда. Бирок эки жылдын ичинде өлкөдөгү бардык мугалимдер банк аркылуу айлыгын алып калышат. Муну менен ортодон акчасын алып коймой көрүнүштөр да жок болмок.

– Мугалимдердин эң көп жана эң аз айлыгы канча?
– Бул өткөргөн сабагынын сааты, кошумча иштери жана педагогикалык тажрыйбасынан көз каранды. Жакында анализ жасап көрүп, 25-30 жыл иштеген мектептин директорлору шаарда же айылда экенине карабай, 20 миң сомдун тегерегинде маяна алышары аныкталган. Мугалимдерге келсек, жумушка жаңы орношсо да 6,5-8 миң сомго чукул айлык алуу менен ишин башташат.
Урматтуу мугалимдер, Каржы министрлигинин комментарийинен кийин бул жогору жактын жоругу эместигин билдик. Андыктан эгерде маянаңыздан себепсиз акча кармап калышса, укук коргоо органдарына кайрылыңыз. Бул макаладан улам өкмөт деле кол куушуруп отуруп калбастыр, агай-эжейлердин ак эмгегинин акысын толугу менен жеткирүүгө чара көрүшөр демекчибиз...

Маалымат үчүн:

  • Өлкөдө 2200гө жакын жалпы билим берүү мектептери бар, анда 72 миңден ашуун мугалим иштейт.
  • Бишкек шаарынын мэриясы маяна менен эмгек өргүү акысы бериле баштаганын 4-июлда кабарлады.
  • Каржы министри Акылбек Жапаров: «Мугалимдердин эмгек өргүүсүнө 3 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүндү. Июль айына дагы 550 миллион сом каралган. Министрлик милдеттемелерин 100 пайызга аткарууда»,- деди.

Эльвира Караева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

БАЛАҢЫЗДЫН МУГАЛИМ БОЛУШУН КААЛАЙСЫЗБЫ?



ДАСТАН БЕКЕШЕВ, ЖКНЫН ДЕПУТАТЫ:
– Учурда балам жок. Эгерде учуру келип балам «мугалимдик кесипти тандайм» деп калса, мен каршы болмок эмесмин. Өзү каалап ушул кесиптин артынан түшөм десе, мен эмнеге жок дешим керек? Баланы зордоп башка кесипке көндүрүү бул – ата-эненин катачылыгы.


АЙТБҮБҮ АБДИЕВА, МУГАЛИМ:
– Эгер мурда болсо, баламдын мугалим болушун кааламак эмесмин. Азыр, Кудайга шүгүр, айлыктарды көтөрүп, мектептерге көңүл бурулуп жатат. Ар бир кесип ардактуу демекчи, мен өзүм мугалим болгондуктан, уул-кызым менин жолумду улантам десе макулмун.



ТААЛАЙБЕК ИШЕНАЛИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР:
– Каалабайм. Азыркы заманда мугалимдик жумуш жарытпайт. Ошондуктан жыл өткөн сайын мугалим болгусу келген жаштар азайып жатат да. Дегеле биздин урук-тукумубузда мугалим болгон эмес. Балдарымдын жашоосуна жетиштүү каражат таба алгыдай иште иштегени жакшы.


ТОКТОБЕК АСАНАЛИЕВ, ЫРЧЫ:
– Баланы карап көрүш керек, мугалимдикке идиреги болсо, эч качан тоскоол болбош керек. Мугалимдик кесип – кесиптердин ичинен эң ардактуусу. Айлыгы аз деп эле кача бербей, кошумча бир бизнес менен алектенсе деле үй-бүлөнү бакса болот да.



МАЙРАМ БЕЛЕКБАЕВА, СООДАГЕР:
– Жок, каалабайм. Учурда мугалимге болгон сый-урмат калбады. Окуучулар тоготпойт, айткан акылды уккусу келбейт. Керек болсо агайына өчөшүп калып, кек сактап, кийин токмоктоп коюп жатпайбы. Айтарым, мугалимдерге жетиштүү деңгээлде кам көрбөсө болбой калды.


АЛМАЗ НУРБАЕВ, ИИМДИН ОТСТАВКАДАГЫ ПОЛКОВНИГИ:
– Каалайм. Менин атам өмүр бою мугалим болуп иштеген. Бизге тарбиясын берип, акыл-насаатын айтып чоңойтту. Мугалим десе дароо айлыгы аз дейбиз, эмне, башка кесипте иштегендердин айлыгы төгүлүп-чачылып жатат бекен?



АБДРАХМАН АБАКИРОВ, УСТА:
– Эгер балам кааласа, биз, ата-энеси, макулбуз да. Айлыкты бетке кармап, баарын эле акчага байлай бербешибиз керек. Ден соолук болуп, тынччылык болуп турса, кесиптин жаманы жок.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg



Мугалимдердин нанын кошо талаша жегендер кимдер?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
SUPER.KG видео
07.07.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет олколордо, озгочо онуккон олколордо, айлык маянаны, студенттин стипендиясын, пенсияларды банк аркылуу электрондук толомдорго откорушкон. Банктан берген карточкан менен банкомат аркылуу акчанды качан кааласан нак алууга болот. Бул жарандар учун ото ынгайлуу жана коррупцияга каршы курошконго жакшы жол.
SUPER.KG видео
07.07.2012. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол маселени которгон учун да коркушат да байкуш мугалимдер,чынында эле карточка менен алына турган болсо жок дегенде ойдо жактан бир эле киши жеп,ал эми ортодон жеп жаткандардыкын мугалимдер алмак.чын эле биздин чиновниктер б.а президент озу баш болуп колго алса жакшы эле болмок.
10.07.2012. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men mugalim bolgum kelet,birok okuganga wartym jok .
10.07.2012. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азырынча грузчик эле болуп иштеп турайынчы!!! Айлыгым директордукунан да коп!!Аллага шугур!!!
11.07.2012. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан калам да, менин апам мугалим. Мен билгенден эле "коммисия келет экен" деп басып журот. Районо,облоносунан дегеле текшерип келчулордун аягы суюлбады. Анан калса аз эле айлыкка куйуп-бышып иштейт. Кармап калды дегенин да укчу элем. Анан айтам "неге кармайсынар?" деген суроо бербейсизби деп. Бул жерде унчукпаган уйдой балээден кутулат болуп, ун катпай отура беришсе мугалимдердин айлыгын одуп-чодмой токтобойт.
11.07.2012. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамаев иштеп атат жыргап жашап атабыз кимин ишенесин я дегеле Бакиев кеткенден бери эмне озгоруу болду жазгылачы сураныч
Бакиев кетсин деп мендагы чыккамын кыйкырып озгоротко деп ойлогомда
14.07.2012. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мугалим болбой еле койуш керек го анткени мен мектепте окуп жургондоле балдар мугалимдердин созун укчумеес . мугалим жоктой еле оздорунчо жыргап отура беришчи айтышып согунуп басып кетишчи ошондо бир ежейибиз айткан силер кочодон мугалимди деле зордуктап кететурган болуп калдынар окшойт силерден кийинкилер кандай болот болду екен деген. азыр андан да жаман болуп калды болуш керек деп ойлом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: