ОШ ГАЗ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН 2 КЫЗМАТКЕРИ ПАРА АЛЫП ЖАТКАН ЖЕРИНЕН КАРМАЛДЫ
№505 6-июль-12-июль, 2012-ж.
Түштүк аймагы боюнча Уюшулган кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгына Ош шаарынын бир тургуну Ош газ чарба башкармалыгынын кызматкерлеринин пара талап кылып жаткандыгы боюнча арыз жазып кайрылган. Аталган ишкананын эки кызматкери Ош шаарынын жашоочусунан газ колдонууда мыйзам бузгандыгы үчүн 30 миң сом акча талап кылган. Бул арыздын негизинде 29-июнь күнү оперативдүү иликтөө иштеринин жүрүшүндө башкармалыктын 2 кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул факт боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 225-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2