ГҮЛНАРА КАХАРОВА ЖЕТИНЧИ НАРИСТЕСИН ЖАРЫККА АЛЫП КЕЛДИ
№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.
“Бир келип кетчи Ош жакка” деп баарыбызды ордолуу шаарга чакырган ырчы Гүлнара Кахарова жетинчи наристесин жарыкка алып келди. Ырчы 10-июль күнү кечки саат 20:00дө 4 килограмм салмактагы балканактай уулдуу болуп, сүйүнүчүн биз менен тең бөлүштү. Азырынча наристеге ысым тандай электигин билдирди.
“Баатыр эне” атка конгон Гүлнара айым, бешик бооңуз бек болсун!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
6
Өзүңүзгө окшоп, мукам үндүү, ышкыбоз адамдар болсо, андан бетер жакшы )))
omyry uzun bolsun