16-июль күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда тирүү донордун бөйрөгүн анын тууганына салуу боюнча операция жасалды. Мындай операциялык иш биздин өлкөдө биринчи жолу болуп жатат. Аталган операцияны Түркиядан келген трансплантолог, биздин мекендешибиз Эркин Өмүрзаков Бишкектин Илим изилдөө институтунун трансплантологдору менен биргелешип жасады, баракелде!