ИЛЬЯЗ МЕНЕН АЙПЕРИ КАЙДА ЖӨНӨШТҮ?
№507 20-июль-26-июль, 2012-ж
"Жалал-Абад шаарында концерт берип жүрсөк, бир байке келип "силерди Австрияга концерт берүүгө чакырайын дедим эле" деп калды. Алгач ишенген эмеспиз. Бирок акырында бул олуттуу сунуш экендигин билип, учурда документтерибизди тууралап жүрөбүз",- деп билдирет ырчы Ильяз Абдыразаков. Анын айтымында, бул сапарга Айпери Кубик кызы, куудул Эрнис Бөрүбаев менен чогуу аттанууда. Анан да Ильяз Лондон Олимпиадасына кетип жаткан спортчуларыбызга арнап "Спортчулар" аттуу ыр жаздырганын кабарлады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!